super.kg logo

"Кыргыз кызга үйлөнүп Памирге алып кетким келет" дейт памирлик кыргыз Турганбай Абдулвахид уулу

 

2017-жылы Кыргыз өлкөсүнө Улуу жана Кичи Памирден боордоштор билим алуу үчүн алып келинген. Алардын арасында Турганбай Абдулвахид уулу да бар. Ал бүгүнкү күндө мыкты студенттердин бири. Анын Кыргыз өлкөсүнө келгенде жашоосунда кандай олуттуу бурулуштар болгону тууралуу SUPER.KG порталына берген маектен көрө аласыздыр.

"Мекенге билим алуу үчүн 33 адам келгенбиз. Алардын ичинен 18и окуучу болчубуз. Биз келип эле мектеп программасы менен окуй баштадык. Мисалы, мен бир жылда 3 классты бүттүм. Ошентип 3 жылда 9 жылдык программаны окуп бүттүм. Мен биринчи тамганы 16 жашымда көрдүм. Кыргыз тилинде сүйлөгөнүм менен тамгаларды таанычу эмесмин. Менде башкача сезим болуп сабакты күтүп окудум. Тамгаларды кошуп окуганда сөз чыкса таң калуу болду. Учурда жогорку окуу жайлардын биринде мугалимдик кесип боюнча билим алып жатам. Максатым - Памирде калган жаштарга тамга таанытып, билим берүү".

Турганбай Бишкек шаарында окуганына байланыштуу ата-энеси жанында болуп туруу үчүн атайын ижарага үй алышып Кара-Балта шаарында турушарын айтты. Памирде төрөлүп, чоңойгон жигит кээде туулган жерин сагынарын айтты.

"Кыргыз өлкөсү мага көп нерсе үйрөттү, келгениме эч өкүнбөйм, арабызда элин, жерин сагынып кайра кетип калгандар да болду, кээ бир жаштар кеткиси келбесе да ата-энесинин сөзүнөн чыга албай жөнөштү. Ата-энем жанымда болгонуна карабай мен да сагынам, өзгөчө кой кайтарып жүргөн күндөрүмдү, кой-козуларымды".

Өлкөбүзгө келгенине үч жылдан ашса дагы алгачкы күндөрүн унутпаган Турганбай өзгөчө эмнелерге таң калганын айтып берди.

"Памирде мал менен эле жашап жүрчүбүз. Албетте, эт, беш бармак жеп эле жүргөнбүз, бирок түрдүү тамактар, таттуулар, шоколад, торт, жер-жемиштердин көптүгү, электр менен жүргөн троллейбус, тыгында турган унаалар, жадакалса басып бараткан жер тегиз экенине чейин көрүп жашоо ушул жакта турбайбы дедик. Таң калган нерселердин катарына аялдардын кыска кийгени, шым кийип, чачын жайганы, бийлеп, ырдаганы да кирет. Анткени бизде кыздар такыр үйдөн чыгышпайт, аны атасы менен агасынан башка эч ким көрбөйт. Бой жеткенде ата-энелер макулдашып эки жаш бири-бирин көрө элек болсо деле үйлөндүрүшөт. Ал эми Кыргызстандын көчөлөрүнөн жетелешип жүргөн жаштарды да көрдүм".

Памирлик жигитке "Сен качан үйлөнөсүң? Кыргыз өлкөсүндө чоңойгон кыздарга баш кошот белең?" деген суроого күлдүрүп жооп берди.

"Окуумду бүтсөм үйлөнөм, Кыргыз өлкөсүнөн кыз алып дарыгерликке окутуп, Памирге бирге кетсек дейм. Ал ооруган элди дарыласа, мен аларга билим бермекмин. Эгер Кыргыз жергесинен алган жубайым Памирге барбайм десе шарт түзүп берем да, өзүм Памирден үйлөнүп эки жакта тең иштеп жашап жүрө бермекмин", - дейт жылмайып.






"Кыргызстанда үйлөнүп, аялымды Памирге алып кетким келет" дейт памирлик жигит

Автор: Медина Найманова
Оператор: Мухамедзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(9)
28.01.2021. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кой тууганым ал жака алып кетпей эле ушул жерде жаша демекмин ал жакта шарт ото оор экен билбейм кайсыл макул болот ал жака.
28.01.2021. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ал кудуретин жетсе ойундагыдай уйлон кыргыз кызы башка улуткада тийип жатат
28.01.2021. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Лучше ал жактагвларды бул жакка алып кел
28.01.2021. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ал жакка эч ким барбайт да Турганбай))
28.01.2021. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодец
28.01.2021. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки жактан тен катын алып коюп дейби
28.01.2021. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элини окут жылуулак жерге жай котор
29.01.2021. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жон эле барып коруп келгим келет даа Улуу Памирди. Кандай барса болот?
29.01.2021. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман айтпай жакшы жок дегендей ушулардан армия куруп армия дегенде кандай чалгынчы (разведчик) курап Кыргызстандын дегеле орто азияга маалымат берип турган аскер кураса мыкты болоор да кантсе да Афганистан талибдердин террорчулардын олкосу экенин жашыруун эмес да булар тил билет дегендей эмне болуп жатканын Кыргызстанга маалымат берип турса ушул жагынан пайдалуубу деймда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: