Инаугурацияга атайын келген апа: "Садыр Жапаровго батамды берейин деп келдим"
Бүгүн, 28-январда жаңы шайланган президент Садыр Жапаров ант берип, расмий түрдө президенттик кызматка киришти.
Бул күнү Садыр Жапаровду көргүсү келген эл улуттук филармониянын алдына топтолушту. Алардын арасында өлкөнүн алыскы аймактарынан келгендер да бар. Алардын бири баатыр эне Бегайым Ташкулова Жалал-Абад облусунун Аксы аймагынан атайын келди.
"Мен мектепте 40 жыл мугалим болуп иштедим. Садыр уулумдун ант берүү салтанатын көрүп, балким, жолугуп калсам өзүнө батамды берейин деп келдим. Элге кайрымдуу президент болсун", - деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.