super.kg logo

Таятасы зордуктап, таенеси зомбулук көрсөтүп жүрөт делген видео. ИИМ окуянын чоо-жайын айтты

 

Кечээ, 7-февраль күнү социалдык тармактарга Алтынбек Артыкбек уулу аттуу жаран бир тууган карындашын таятасы зордуктап, таенеси зомбулук көрсөтүп жүрөт делген видео тараган.

Ага ылайык, ИИМдин маалымат кызматы бул окуя боюнча атайын кызматкерлер жерине барганын, дарыгерлер менен текшерүү учурунда кыз зордуктоого кабылган эместигин билдиришти.

Учурда окуя боюнча топтолгон материал Тогуз-Торо РИИБине катталып, милиция кызматкерлери арызда көрсөтүлгөн дарекке райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын адиси менен биргеликте барып, 1996-жылы туулган кыз А.А. менен маектешип, камкорчулары таятасы С.С. жана таенеси А.У.дан түшүнүк каттар алынган.

Анда жабырлануучу кыз өзүнүн берген көрсөтмөсүндө таятасы тарабынан зордуктоо болгон эместигин билдирген.

"Биз Казарман айылында жашап жүргөндө 1999-жылы апабыз каза болуп, бир туугандарым менен таята, таенемдин колунда чоңойгонбуз. 5-февраль күнү Бишкекте жашаган бир тууган агам Алтынбек Артыкбек уулу келип, шаарга алып кетем дегенде таятам менен таенем кетирбейбиз деп таенем бир нече жолу колу менен денеме уруп, буту менен тепкилеген. Буга чейин таята-таенем урган эмес. Бирок спирт ичимдиктерин ичкен учурларда ар кандай сөздөрдү айтып урушчу. Таятам тарабынан зордуктоого кабылган эмесмин, агам менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө байкем сени таятам зордуктаптыр бирөөлөрдөн уктум деп сураганда, зордуктаган деген сөзгө түшүнбөстөн ооба деп жооп бергем, эч кандай зордуктоо болгон эмес", - деп билдирген.

Таенеси өз көрсөтмөсүндө 3 жашынан тарта баккан небереси кетем дегенде ачуусу менен урганын билдирген.

"Жолдошум экөөбүз каза болуп калган кызымдын 3 баласын камкорчу катары багып алганбыз. Ал эми 1996-жылы туулган А.А. аттуу кызыбыз 1-топтогу майып. Ал кыз майып болгондуктан үйдө карап жатканбыз. 5-февраль күнү неберем Алтынбек Артыкбек уулу Бишкек шаарынан келип, кызды алып кетем дегенде жиним келип, 3 жашынан баштап баккан неберем кетем дегенин угуп нааразы болуп, колум менен ургулап, бутум менен тепкилеп алдым", - деген ал.

Ал эми ИИМдин кызматкерлери жабырлануучу кызды окуядан кийин ооруканага алып барып, алгачкы дарыгерлер менен бирге текшерүү учурунда анын денесинде (жыныстык мүчөсүндө) жаракаттар аныкталган эмес.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүүдө. Аталган сотко чейинки өндүрүш ИИМдин тергөө кызматы тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынганын кошумчалашты.






Казарманда тайене, таятасы тарабынан зордук-зомбулук болду делген кыздын окуясы

Автор: Айсалкын Качкынбекова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(12)
08.02.2021. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жүрөгүм ооруп кеттиии. 26 жашта болсо, окутпаса, инвалид болсо эмнеге кетирбейт. Же майып үчүн алган пенсиясына кызганды бекен. Жетимдин башын сылагандын оордуна урганы, тепкени неси. Алып кет Бишкекке алып кет иним, жетим жетилет деген сөз бар, баары жакшы болот. Таята таенендин жазасын кудай берет аларды кыйнабай эле кой, эмнеси болсо да силерди чонойтуптур.
nazira... түзөттү 2021-02-08 18:32:54
08.02.2021. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Тузунду ичейин тузуна чычайын болуптур
09.02.2021. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Djumahmatov,башын иштейби сенин, эми ошондой кордукка чыдап журо бериш керек беле.
08.02.2021. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул адамадар мурунда уруп жургон ошо куну эле урдум дегени жалганы билинип эле атат го..
Уч жашынан бакса кызындай корсо,кордомок эмес.Оз небересине кантип колу барды,колу эмес буту менен тепкилеп журот...
Акеси неге окубаган демек булар азап менен чонойушкан.Ошондон коро детдомдо жакшы тарбияланмак деген ой келди...
Дагы эле кыргызчылык багалбагандан кийин неге алды .Акыры малдын балдары эмес го.Зордукталбаса деле балдар дын укугу корголбой калган..
Тайата тайэнеге наала
08.02.2021. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урганы туура эмес,бирок буту баспаган кызды ушунча жыл багып чонойтуш да оной эмес.Таенесинин унунон эле билинип турат таарыныч,ызаланып атканы.балким урчу, балким урчу эмес.бироонун уй булосу бизге белгисиз да.бирок жалко кызды.
08.02.2021. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздын агасында да уят жок экен бору балаы ит болбойт деген чын.Кыздын акчасына кызыгып атышат деп койгонун ошо учоонду тайне таятан пенсиясы менен эле бакты да.Же сен дагы пенсия алчу белен? Буту баспаган кызды 3 жашынан бери олтурбой житирбей,дет домго тапшырбвй карады да.Апанар олгон куну эле дет домго тапшырып салса корот элем кимге арызынды айтаарынды.
08.02.2021. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
sabyr86,ата энеси өлсө ага да акча берет 18 жашка чейин өкмөт. Ошол акчага деле окутуп койсо болмок жетимдерди. Баарынан да инвалид кыздын чачынан тартып тепкенде жаным чыгып эле кетти. Неге тартып тура бербей болушса болот эле. Адвокат бала азамат, жалан ушундай адамдарга жардам берип жүрөт жаш эле бала турбайбы, сооп иштерди кылып жүрө бер, пендеден эмес кудайдан кайтат. келечекте сенден жакшы сот чыгат.
08.02.2021. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ичкен аламдарга айла жок Оздорунун гана кекиртектерин ойлоп жашап калышат.
SUPER.KG видео
08.02.2021. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кетем десе эркине койгулачы.Жаным ии,баспай калганы аз келгенсип,не мынча кордук көрдүң (((
SUPER.KG видео
09.02.2021. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактым деп эле кордой берсе болобу?
09.02.2021. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буту баспаган кызды ушул жашка чейин багыш өтө кыйын
09.02.2021. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ИИМдин чала була карап койгону окундурот.башка акча чыкчу жерлерде жанын сабап иштешетго.биздин унубуз акыйкаттыкка жетээр бекен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: