Бишкекте жарым жыл мурда жансыз денеси табылган жарандын аты-жөнүн тактоого милиция кызматкерлери жардам сурайт
Бишкекте дээрлик жарым жылдан бери аты-жөнү такталбай жаткан маркумду аныктоого милиция кызматкерлери жардам сурайт. Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, маркумдун жансыз денеси өткөн жылдын 30-августунда Жал кичи районунда табылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Каза болгон жарандын кебетеси азиялык, жашы болжол менен 50-55 чамасында. Бою 175-180 сантиметр, чачтары ак, бетинин түзүлүшү сүйрү. Өзгөчө белгилери - алдыңкы тиштери сары темирден жасалган. Үстүндөгү кийимдери - кара түстөгү футболка, кара жынсы шым.
Маркумду Кенжебек же Кеша деп аташы мүмкүн экенин айтышат райондук бөлүктөн.
Сүрөттөгү жарандын аты-жөнүн же ал тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлерге байланышып коюуну милиция кызматерлери өтүнөт. Байланыш үчүн номерлер: 0705 45 05 53, 0553 10 24 65, 0312 35 26 05 же 102.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















