Кыргыз өкмөтү Виктор Бутанаевге эстелик тургузууга көмөк көрсөтөт
Орусиялык чыгыш таануучу, этнограф, түрколог, тарых илимдеринин доктору жана профессор Виктор Бутанаевдин мүрзөсүнө эстелик тургузуу үчүн акча чогултулуп жатканы белгилүү болду. Хакас тарыхчысы жана коомдук ишмер Матос Черпаков каражат чогултуу иши башталганын маалымдады.
Анын билдирүүсүнө Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жооп кылып: "Виктор байкенин жаткан жери жайлуу болсун! Белги тургузууга көмөктөшөбүз",- деп соцтармактагы баракчасына жазды.
Айта кетсек, Бутанаев кыргыз жана хакас элдеринин тарыхын, маданиятын жана этнографиясын изилдөөгө өмүрүн арнаган эң көрүнүктүү илимпоздордун бири болгон. Ал эки элди Энесай кыргыздарынын урпактары катары таанытууга салым кошкон. Кыргыз элинин тарыхын изилдөөгө кошкон зор салымы үчүн III даражадагы "Манас" ордени, "Даңк" медалы менен сыйланган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















