УКМК: "Женго каймана аты менен таанымал кримтөбөл Женго Оштон Бишкекке алып келинди" (сүрөт)





Женго каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов УКМКга өзү келгени маалымдалган. Бүгүн, 11-февралда ал Оштон Бишкекке алып келинди. Маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу чараларынын жүрүшүндө кримтөбөл Кадыр Досоновду издөө иштери аяктады. Сотко чейинки ачылган кылмыш ишинин алкагында Досонов УКМКнын абак жайына киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө.
Кечээ, 10-февралда Ички иштер министрлигинин органдары менен биргеликте Кадыр Досоновдун турган жерин аныктоо боюнча "перехват” планы жарыяланган.
Чүйдө турак үй жарылып, 13 жашар бала каза болду
Автор: Бактыгүл Момбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Деги эле Кыргызстанда таза адам калбаганбы эмне балээ.
Баары эле корр.я, баардык жерде мафия ээлеп алыптырго бечара Кыргызстанды.
Элди ойлогон, жерибизди ойлогон бироо жарым барбы ыя. Же баарыле ууру кески болуп кетишкенби.
Эмне кылабыз балдар, отура береби