super.kg logo

Аксынын 8 айылынын тургундары Кубанычбек Жумалиевдин камалышы боюнча бийлик өкүлдөрүнө кайрылышты

 

“Биз Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнүн тургундары академик, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев туура эмес чечим менен камакка алынды деп эсептейбиз” деген жарандар билдирүүсүн бийлик өкүлдөрүнө жолдоо максатында чогулушкан. Айтымдарында, Жумалиевди камоо чечими алардын нааразычылыгын жараткан.

Бул чечим Жогорку Кеңеш, башка укук коргоо органдарынын бардыгы менен кеңешпестен кабыл алынган деп эсептешет алат.

“Ушул кайрылуубуз урматтуу биздин президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевичтин, Мамытов Талант Турдумаматовичтин жана Жумалиев менен мурда чогуу иштеген башка депутаттардын, кесиптештеринин көңүлүн бурат деген ойдобуз. Европанын, жакынкы мамлекеттердин, башка өлкөлөрдүн академиктери чыгаан, илимдүү, билимдүү, кыргыз элине, жерине аябай салым кошо турган уулуңарды колдоно билбей жатасыңар деп билдирүү жасашты. Эмне себептен биз бул адамдын интеллектин мамлекеттин өнүгүшү үчүн колдоно албайбыз, камкордукка ала албайбыз? Анын жасаган эмгегинен жасай элеги дагы көп, ал үчүн Жумалиевде күч, тажрыйба жетиштүү. Жумалиевдин мурунку жакшы иштерин эске алып, аны үй камагына чыгарууга болот деп ойлойбуз”, - дешет Акжол айыл өкмөтүнөн кайрылган тургундар.

Ошондой эле кайрылган тургундар Жумалиевдин өмүр баянына, ал аймакка жасаган эмгектерине токтолушкан.

“Кубанычбек Мырзабекович Акжол айылынын тургуну. Жаш кезинен бери эле чет мамлекеттерде окуп, илимдин даражаларын алып, бул айылга абдан кадыры сиңген инсандарыбыздын бири. Ал Таш-Көмүргө ири цемент заводун куруп жаткан. Эгерде аны камап коюшса, бизнесмендер деле келбей калат окшойт. Бул бийликтин азыркы кадамдары менин оюмча туура эмес. Ошон үчүн биз аксакалдар, айылдык кеңештин депутаттары, элге, бийликке кайрылуу жасап отурабыз. Ал өз каражатына мектептерди, жолдорду курган. Бул нерсе элдин эсинде жана эл калыстыкты талап кылат. Биз Акжол айыл өкмөтүнүн 8 айылынан келген өкүлдөрү Жумалиевдин эмгектерин эске алып, иши калыс каралуусун суранабыз. Соттун чечимисиз анын камакка алынышы 1936-1937-жылдардагы репрессияны эске салат. Биз коррупция менен болгон күрөштү колдойбуз, бирок бардык нерсе мыйзам чегинде болушу керек.

Эми урматтуу Садыр Нургожоевич, Кыргызстанда 30 академик бар экен. Ошол академиктердин бири ушул адам. Аскар Акаев бийлигин таштап командасы менен качып кеткенде Жумалиев да качып кеткенге мүмкүн эле. Качып кеткендин ордуна ал Бакиевдин, Отунбаеванын, Атамбаевдин маалында иштеди, жумуш орундарын түздү. Жумуш орундарда азыр биздин мекендештерибиз иштеп, үй-бүлөлөрүн багып жатышат.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, Жумалиевдин ишин адилет карап, үй камагына чыгарып берүүңүздү өтүнөбүз”, - дешет кайрылуу жасаган жарандар.






Аксынын 8 айылынын тургундары Кубанычбек Жумалиевдин камалышы боюнча бийлик өкүлдөрүнө кайрылышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(18)
15.02.2021. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эмне кылып жыргатты эле
16.02.2021. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Makain,Кыргызстан үчүн илим жагынан гана кылган иши болсо. Айылы үчүн көп эле нерсе кылган. Башка чиновниктерге караганда.Азыркы жол асфальт болбогондо дагы деле айылдагы элге кыйын болмок.Кыскасын айтканда,Туулган айылына кошкон салымы бар.
16.02.2021. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nur090909,Туулган айылына салым кошуп,мамлекетке чыгым кылган деп кой...
15.02.2021. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мм даа. Эртен канкор Бакиевдин айылдаштары келип биздин балабыз жакшы иштеген десе эмне болот, актап коесунарбы. Ушу кайсы кокмээ ойлойт, Жумалиев ак мээнети менен ушунча акча тапты деп. Албетте элдин ырыскысын уурдап тапкан. Жумалиевге окшогон канча академиктер бар айлыктан айлыкка жашаган. Курандын кусуру урсун акшакалды, эртен олсо уурдаган акчасынын баары ратында калат.
16.02.2021. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
021279,Бакиев жакшы эле иштеген.Канкорлор Убактылуу өкмөттө иштегендер
15.02.2021. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
8 айыл деп эмне Кыргызстан унчукпай отурсунбу?
15.02.2021. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Чоң аталар, чоң адамдар эле экенсиңер уялбайсыңарбы Жумалиевдин акчасына сатылып, аны коргомуш болуп чыкканыңарды!
16.02.2021. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Simels,Эчкандай акчага сатылышкан жок.Аларга келип эчким чыккыла мынча акча берем деп айткан жок. Аксакалдар өздөрү чыгып жатышат.
16.02.2021. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
nur090909,койчу эээ расса дан дан калпты урдурасынго акча бербесе эч ким чыкпашын элдин баары билет.
15.02.2021. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Илимин, билимин, акылын өзү үчүн жана туугандары үчүн жумшаган турбайбы Жумалиев! Ошон үчүн куу түлкүдөй болуп, баарын ээлеп алыпытыр!
15.02.2021. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Акча берген го
15.02.2021. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бардыгын ушинтип озубуздун кулун деп коргоп отура бергиле.
Эртен Кара-Суу чыксын эми Матраимов мыкты жигит спорт клубдарды курган деп.
Акшакал деп Атамбаев бекеринен айткан эмес да ..
15.02.2021. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Башкаларды билбейм, лично мен Жумалиевдин камалышына каршымын. Канча адамга жумуш ордун тузуптур. Инвестицияны Озунун олкосуно гана салат экен бул киши. Элчилеп чет мамлекеттерге киргизбей. Илгери биздин бай-манаптарды орустар жок кылып, кыргыз эли кедей элге айланган экен. Эми озубуздун байларды озубуз качыралы чет Жака. Бизге байдын кереги жок, кедей жашообуз эле кут болсун экен.
15.02.2021. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Урматтуу аксакалдар ушинтип уулубуз, жердешибиз, инибиз, деп отуруп баардык жегичтерди чыгарып алгыла. Уятда баардык нерсе закондуу болсун и баарына бирдей болсун. Эртеге жеп камакта жаткан Сегизбаевтин, Албектин жердештери чыксынбы уулубуз деп, анан башкасы чыгат. Жакында педофилдердин жердештери чыксынбы 1 эле кызго зато Кыргызстанга пайда келтирчуу ишти билет пайдаланбайлыбы тажрыйбасын урматтуу президент деп. Макулсынарбы аксы элинин аксакалдары. Закон бирдей болсун бай кедейге
15.02.2021. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баягы эле дежурлар
16.02.2021. 05:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эмнеге Акаевке ж б ушул сыяктуу ададарга иш козгобойт
16.02.2021. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар бир камалгандын артынан ызылдап чыгып чыгарып ала берсенер, анда, заман онолсун, коррупция жоголсун деп чыкпагыла, арызданбагыла.
16.02.2021. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озунун чонтогунон жасаган эмес жолдорду, Акаев убагында Жалал-абад-Маданият жолуна болунгон акчага оз айылына жол салып койгон,.ошондон бери Жалалабаддын жолу азыркыга чейин онолбой жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: