"Кичинекей көрүнгөн куурчактарда улуу тарых катылып жатканын байкадым". Кудум жандуу кыздардай чий куурчактар сүрөтчүнүн көзү менен








Түркиялык мугалим жана сүрөтчү Зафер Динчер интернет желесиндеги баракчасына кудум жандуу кыздардай тартылган куурчактардын сүрөтүн жарыялады. Аталган билдирүү интернет колдонуучулардын мактоо сөзүнө татып, көптөгөн "жакты" белгисин топтоодо.
"Өткөн жылдын күз айында Алай жергесинин Сары-Могол айылына чакыруу алдым, келип куурчактарыбызды тартып берсеңиз дегенинен ойлонуп, ал жердин өзгөчө атмосферасы жаккандыгынан макул болуп бардым. Биринчи көргөндө кичинекей көрүнгөн куурчактарда улуу тарых катылып жатканын байкадым. Салттуу билимдер менен алектенип жургөн Шарипа Ташкулова окуучуларга жеткирүү максатында өзгөчө иш алып барып жатканына күбө болдум. Бул иштин келечеги кенен деп билем. Табияты кооз, тарыхы терең болгон аймактагы жашоочуларга жана уюштуруучуларга ийгилик каалайм", - деген билдирүүсүн калтырган.
Зафер Динчер 2004-жылы Кыргыз өлкөсүнө келген. Ал Оштогу лицейлердин биринде физика мугалими болуп эмгектенет. Сүрөтчүлүккө болгон кызыгуусу Кыргыз жергесинин табиятын көргөндөн кийин башталган.




1 |