super.kg logo

"... Эс-учун жоготкондо таш менен башка чапкан". Өзгөндө 3 жашар наристенин мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө өспүрүм шектелүүдө

 

Ош облусунун Өзгөн районунда 3 жашар наристени мыкаачылык менен өлтүргөн деген шек менен 15 жаштагы өспүрүм кармалды. SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев окуянын чоо-жайын айтып берди.

Маалыматка ылайык, 17-январь күнү саат 14:30 чамасында Өзгөн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Өзгөн районунун Кара-Дарыя айылынын тургуну 3 жаштагы Ш.Ф. денесинен жараат алып Өзгөн аймактык ооруканасына келип түшкөн. Анда бала каза болуп калганын дарыгерлер айтышкан.

Бул окуяда кылмыштын курамы байкалгандан улам, ошондой эле күбөлөр каза болгон баланы белгисиз унаанын айдоочусу сүзүп кетип, талаага таштап кеткен деген маалыматтарды беришкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Тергөөнүн жүрүшүндө 17-январь күнү саат 09:00 чамасында Өзгөн районунун Кара-Дарыя айылынын тургуну, 15 жаштагы М.А. айылдашы 3 жаштагы баланы өзү жашаган айылдын түштүк тарабындагы талаага анын өмүрүн кыюу максатында ээрчитип барып, эч ким көрбөгөн жерге алып кирип, муштуму менен жабырлануучуну урганда ал эс-учун жоготуп жатып калган. Андан кийин башка таш менен чаап, өсүп турган камыштын арасына ыргытып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Мындан сырткары, шектүү жактоочу жана мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу менен окуя болгон жерди көрсөтүп берген. 15 жашар шектүү кылмышты 3 жашар маркум бала аны уят сөз менен сөккөндүктөн кыжыры келип ушул жолго барганын айтып берген. Кылмышка шектүү Өзгөн шаарындагы мектептердин биринде 9-класста окуйт. Ата-энеси бар. 3 бир туугандын улуусу. Жашоо шарты орточо. 15-февраль күнү шектүү Өзгөн РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши улантылууда",- деп билдирет басма сөз кызматы.


кошулду





Арабасын коргогон Алмакан аттуу аялдын турмушунун жаңы жагдайлары белгилүү болду

Автор: Айзада Кыдырмышева
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
17.02.2021. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Тобоо. 3 жашар балага мынча не эрегишти?? Кыргызча айтканда,богу менен тен балага
18.02.2021. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ото жаман корунуш. Бул нерсенин баары телефондон келип чыгып жатат. Олтурмой, атышмай оюндарын жаштар коп ойношот. Бир саат башын которбой телефон ойношу мумкун, бирок беш минута оз алдынча китеп окуган бала жокко эсе
17.02.2021. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кудай сактаа
17.02.2021. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
3 жашар бала абдан окунучтуу, эми деген мыкаачы 15те болуп туруп
17.02.2021. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кудайга тобоо. 15теги баланын психикасы абдан бузулган экен анда 3 жашар балага тенелип
17.02.2021. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ш ф болсо тигилерден го
17.02.2021. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Asmat84,мен да ошо туугандар деп жатам.
17.02.2021. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чоңойуп эле калган бала экен өкүнүчтүү үч жаштагы баланын согунгону бал шекер го ошого теңелбей эле койбоптур да.
17.02.2021. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Шизофрения болсо керек
17.02.2021. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бала тарбиялоону окутуп уйротуш керек 11 класстарга. Себеби алар келечектеги ата эне. Ещё чондорго да кайра кайра айылдарда окутуш керек. Биз нольбуз орто Азия сабатсызбыз аны моюнга алыш керек. Баланын психикасын бузгандан башканы билбейбиз
18.02.2021. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх тооба тооба кылдым. Оо Аллах бизди өзүң кечирчи. Мынча мыкаачы болбосок. Просто жүрөк ооруйт, беекүнөө наристе. Ойлоп алып жүрөк титирейтко.
18.02.2021. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоо кылдым,мен 9- классымда бирөөнү өлтүрөм деген ой түгүл, мазактап, шылдыңдоо оюма келчү эмес экен. Азыркы жаштардын, өспүрүмдөрдүн психикасы вообще бузулуп бараткандай.Буга үй- бүлө себепкер, анткени ата-эненин тарбиясынан көз каранды да.Үйдө көп уруш-жаңжал болсо,баланы катуу жазалап ур-токмокко алса баланын психикасы жабыркайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: