Максат Мамытканов: "Өзүбүз алып келген, колдогон президентке кантип душман болобуз?"
SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбооруна мурдагы вице-премьер-министр Максат Мамытканов конокко келди.
Ал үмүтү, ниети азыркы президентте экенин айтты.
"Президенттик башкарууну саясий максат катары ишке ашырдык. Өзүбүз жеңип келген президентти колдоп келдик. Биздин партия (ред. "Чоң Казат" партиясы) Садыр Жапаровду шайлоодо колдоп, жардам берди. Өзүбүз алып келген, колдогон президентке кантип душман болобуз? Биздин үмүтүбүз, ниетибиз Садыр Нургожоевичте", - деди ал.
Жаңы өкмөт курамына кирбей калган Максат Мамытканов: "Кызматтан кетерде Садыр Жапаров менен сүйлөшкөм"
Автор: Жылдыз Джускембаева, Айсалкын Качкынбекова, Бекболот Сарыбаев
Оператор: Айбек Алимов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

