super.kg logo

Сыймык Бейшекеев: "Асанкалый Керимбаев обон жазып койгон ырга мен дагы обон чыгарып алып аябай уялгам"

 

Элибизге аттын кашкасындай белгилүү ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев SUPER.KG порталына маек берип, алгачкы обондорун канча жашында жараткандыгы тууралуу айтып берди.

"Башталгыч класста окуп жүргөндө Акбаары Мамытова деген мугалимим бар эле. 3-классымда музыка китебиндеги ырлар кайсы обонго туш келсе ошо менен ырдата берчү. Анан китепте "Каде-Руссель" деген ыр бар экен, бир күнү "ушуга обон чыгаралы, Сыймык сенин колуңдан келет" деп калды. Мен да турган жеримен эле обон чыгардым. Дал ошол эжекем мага шык берип турчу. Анан ойлоп калам алгачкы обончулук дараметимди Акбаары эже ойготту окшойт. Кийин 8-9-класстарда болсом керек, тайкемдин ыр дептери колума тийип калып "Жүрөк сезет" деген ырга обон жараттым. Көрсө, ал ырга белгилүү обончу Асанкалый Керимбаев обон жазып койгон экен. Аны радиодон угуп алып бирөөнүн бир нерсесин уурдап алгандай болуп аябай уялгам. Чыгарган обонумду унутканча шаштым. Көрсө, ыр дүйнөсүндө бир ырга 2-3 обон чыккан учурлар боло берет экен да. Кийин ал обонду такыр эстей албай койдум", - дейт Бейшекеев.






Сыймык Бейшекеев: “Күзгү нөшөрдү угуп, Элмирбек ыйлаган”

Автор: Гүлзада Абдырахманова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: