super.kg logo

"Атка жөн эле сүйрөтүп койгом". Кочкордогу жаш келиндин өлүмүнө айыпталган күйөөсү окуя тууралуу айтып берди

 

Ушул жылдын 23-январында Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Теңдик айылынын Тынай-Булак кыштоосунда сарайда 22 жаштагы келиндин жансыз денеси табылып, анын күч колдонуп өлтүрүлгөнү аныкталган.

Арадан көп убакыт өтпөй, келинди өлтүрдү делген шектүү Ош облусунун Ноокат районунан кармалган. Ал Баткен облусунун 1995-жылы туулган тургуну болгон.

Бул фактыга шектүү жаран окуя тууралуу КТРКнын "Телекүзөт" берүүсүнө айтып берди. Шектүүнүн айтымында, ал келинчегин канча жолу тээп, канча жолу сабаганын мас абалда болуп билбей калган.

"Келинчегим экөөбүз ичимдик ичип отурганда, ал мага "батирде эле турбайлыбы, мен күйөөгө тийгенде деле денемди сатып жүргөм" деп айтып калды. Токмокто деле күйөөсү менен жашап жүргөндө ушундай иштер менен алек болуп жүрүптүр. Мен ага жиним келип башына бир тептим, ал качып чыгууга үлгүрдү. Сырттан мен аны көтөрөйүн деп алым жетпей койду, анан аттын жибин бутуна байлап, атты жетеледим, бир маалда жип үзүлүп калды. Канча жолу тээп, канча жолу сабаганымды мас абалда болуп билбей калдым. Аны үйгө алып кирип, үстүнө жууркан жаап койдум, өзүм чыгып ичип отурдум", - деп билдирди ал.

Буга чейин SUPER.KG порталы өздүк булактарга таянып, келиндин күйөөсү мас абалда келип ур-тепкиге алып, аёосуз сабаганын, күйөөсүнөн качып чыккан келиндин артынан ат менен барып, ал жактан чынжыр менен атка байлап, өздөрү жашаган сарайга чейин сүйрөтүп келгенин айтып беришкен.






Садыр Жапаров Таласта митингге чыккандар менен жолукту

Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
17.03.2021. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ООО кудай абыйга бабый болду го бул жагы окунучтуу
17.03.2021. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ичпей балээ ичкир
17.03.2021. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Уруп эмне кыласын энесине тапшырбайсынбы денесин сатса.
17.03.2021. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Aibek_eka,ошентип айтканы чынбы калпы билбейбизда. Аялы өлүп калды. Чын калпын келип аайта албайт.
17.03.2021. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ичкиликтин арты ушундай болот, аял эркек кошулуп ичимдик ичкени жакшы эмес.
17.03.2021. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аял антип айтпаса керек,актануунун жолу бул,кантип куйоосуно ошентип айтсын,озу бир нерселерди айтып аялын сабаса керек,анан олтуруп алган да айткан создору бири бирине дал келбейт экен
17.03.2021. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сакылын менен жерге кир.дагы уялбай ичип дегенин кантесин
17.03.2021. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bond0202,ошол күнөөнүн баарын ичимдикке түртүш керек да. Мүмкүн ичпеген киши. Ким билет.
17.03.2021. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сакалын орттонгур
17.03.2021. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оштон болсо наарында не кылып жүрөт.
17.03.2021. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арактын кесепетинен канча Адам ууланып олду , булар урушуп олтурду , эми качан эсибизге келебиз ??
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: