super.kg logo

Блогер Элмир Сыдыманов: "Жаман хайптын артынан жакшы эч нерсе келбейт экен"

 

24-мартта блогер Элмир Сыдыманов толук акталды. Соттук отурумдан чыгып эле SUPER.KG порталына келген блогер алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.

Акталып чыктым, мен ушуну күткөм. Камап жиберет деп деле ойлогон эмесмин, ишенич чоң болчу. Ушул окуя болуп, сот башталгандан бери чоңойдум, юридикалык билимим өстү, мыйзамдарды түшүнүп баштадым. Бул мага чоң сабак болду. Жамандыктын артынан жакшылык келет дегендей, жакшылык күтүп отурабыз.

Ар бир эле эне баласы үчүн жанын берет го дейм. Менин апам деле ыйлап, кан басымы көтөрүлүп жатты. Көпчүлүк учурда ага көп нерсени билгизбей, жаман болуп турса дагы калп айтып, аны сооротуп жаттым. Себеби ал көп санаа тарта берет.

Жакында элге мыйзамды түшүндүрүп бере тургандай кылып тарта турган проекттер бар. Алар азыр жасалууда. Ушул ызы-чуунун арты менен чоң-чоң адамдар менен тааныштым. Алар менен бирге көп ийгиликтерди жараткым келет. Азыр башымда ар кандай пландар бар. Алар жада калса убактылуу кармоочу жайда отурганда дагы бар болчу. Чыксам муну тартыш керек, муну жасаш керек деп ойлоп койгом. Эми азыр кайра хайп жаратам деп айта албайм. Мен мурдагыдан чоңойдум. Азыр мен эки башка адам болуп калдым.

Соттон чыгып эле бул жакка келгендиктен апам сүйүнүп жатса керек. Турмуш деген ушундай кыйын экен да, эртеңки күнү дагы эмне болуп кетерин билбейсиң", - дейт Сыдыманов.

Блогер алдыда дагы бул иш менен алектенерин айтат.

"Менин башыма бул иш түшкөндө көпчүлүк адамдар колдоду, алар мага жакшылык тилешти. Кандай гана болбосун, мыйзамды биле жүрүш керек экен. Билбейм деген болбойт. Колдон келсе акылдуулукка салып иш кылгыла. Жаман хайптын артынан жакшы эч нерсе келбейт, кайра адамдар ирээнжип качат экен", - дейт блогер.

кошулду





"Хайп менен эмес, туура жактан таанылуу керек экенин түшүндүм"

Автор: Гүлзина Каныбекова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(11)
25.03.2021. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ололбай жатып дагы эмне чыгып атат бул блогер болумуш болуп. Оозундан чыккан созго энендин канча коз жашы кетти, нервы кетти экен? Жон эле отур эми, апандын ордунда болгонумда вообще телефон, жана интернетке киргизбейт элем тообо кылдым
Egizderim-baktim түзөттү 2021-03-25 01:26:09
25.03.2021. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кечээ эле ыйлактап жүрдүң эле кечирим сурап... Эми эшегиң ылайдан өткөн соң антип чоң сүйлөгөнүн туура эмес."мени камап деле жибербейт болчу деп" түштөн кийин кыйын болосуң да
25.03.2021. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эми ойлонуп сүйлөп жүргүн иним
25.03.2021. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6


Оозуна кармап сүйлө
25.03.2021. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Сен шайтан, эл бузар камалышың керек эле. Жок дегенде 1,2 жыл камалып, зектерден өзүңө керегин жеп чыкканыңда анан адам сүрөтүнө кирмексин, азыр баягы эле абалыңда калдың дагы!!!
25.03.2021. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Соз ооздон чыккандан кийин сен анын кулусун деген бекер эмес.Мына бир ооз соз суйлойм деп не деген кунду кордун.Сабак болсун эми.
25.03.2021. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жалдырап Жаалынып ыйлап жатып чыкты байкуш.
25.03.2021. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз адамдар эмнеге терс комментарий эле беребиз.Адам адашат,тушундум деп атат го ,бир жагвнан жаштык кылды.Турмуш тарбиялайт.
25.03.2021. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өздөн чыккан жат жаман деп айтышатго ,сенин элди эки бөлгөнүң душмандыгың деп түшүнгөн элек.Сендей жумуртканын сасыткыларына сабак болгудай жаза бериш керек эле сага!
25.03.2021. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Конечно,ар бир адам адашат. Адашпаган инсан жок,эгер бар болсо ал эч нерсени түшүнбөйт,кыйналган адам гана чоңоюп баарын түшүнө билет... Камалсын,соттолсун деп дөөрүгөн комментчилер али өсө элек экен. Анткени бирөөгө жамандык тилеп отургандан мурда өзүн ошол адамдын ордуна койсо жакшы болмок. Жаңылбас жаак,мүдүрүлбөс туяк болбойт деп бекеринен айтылбаса керек
26.03.2021. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец жаман менен жакшыны ажырата билген болсон жакшы,ойноп суйлоордон муруп ойлоп суйлош керек,эми тарбиялык мааниси чон,жок дегенде 1000 адамдан 10адам улгу ала турган иштерди жаса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: