super.kg logo

"Кыргыз-Өзбек чек арасындагы талаш маселелер 100 пайыз чечилди" дейт Камчыбек Ташиев. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

 
Бүгүн, 26-март, күнгө жума. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
Камчыбек Ташиев "Кыргыз-Өзбек чек арасындагы талаш маселелер 100 пайыз чечилди" дейт
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Жыйында ал мындан ары чек ара боюнча эки элдин ортосунда талаш-тартыш болбой тургандыгына ынандырды.

"Бир тарап утту, экинчи тарап утулду деген сөз болбойт. Чек ара маселеси 100 пайыз чечилди. Биз тарапка мурда талаш болуп жаткан жерлер Өзбек-Кыргыз тараптын ортосунда талаш жер калган жок. Эми чыр-чатактар болбойт", - деди Ташиев.

"Ар бир жер кыргыз тарапка дагы, өзбек тарапка дагы керек. Сүйлөшүү аябай кыйын болду. Түнкү саат 2ге чейин макулдашуулар болду. Өзбек тарапка сүйлөшүү үчүн ыраазычылык билдирем. Алар бизди каршылаш көргөн жок. Өнөктөш катары көрүштү", - деген Ташиев маселелерди чечүүдө жер тилкелерин өткөрүп берүү болбой тургандыгын, алмашуу гана болушу мүмкүн экендигин билдирди.

УКМКнын төрагасы эми Кыргыз-Тажик чек ара маселесин чечүү үчүн Баткен облусуна бара турганын айтты.

Маалымат жыйынында журналисттердин бирин "эшикке чыгып кетиңиз" деген Ташиев, чек ара маселесинен башка суроолорго да жооп бергенге үлгүрдү.

Мисалы анын айтымында, УКМКнын абагы тар болгондуктан, бардык мыйзам бузган аткаминерлерди ал жакка батырууга мүмкүн эмес.

"Биз ачык иштеп жатабыз. Себеби УКМКнын башында мен отурам. Демек, коррупционерлерден өзүмө эч нерсе албайм. Биз коррупционерлер келтирген зыянды аныктап, аларга айтып, алар тергөө менен иштешүү келишими менен аныкталган сумманы төлөп берип жатышат. Алардын баарын кантип камайбыз? УКМКнын СИЗОсунда 70 орун бар.

Мына кечээ Аманкулов төлөдү, андан мурун судья төлөгөн, Бабанов дагы төлөдү, күндө ондогон миллион сомдор мамлекетке төгүлүп жатат, мунун баары бюджетке которулат. Ал эми Өмүрбек Бабановдун иши боюнча көптөгөн изилдөөлөр жүрдү. Муну Финполиция жүргүзүп, андан кийин биз жүргүздүк. Андан кийин Бабанов менен сүйлөштүк, ал бюджетке жардам берди. Ким жардам берем десе, биз баш тартпайбыз, ал колунда бар киши, берем десе бере берсин да", - деди Ташиев.

Премьер-министр Нарындагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн жалкоо болбоого үндөдү

Премьер-министр Улукбек Марипов Жумгал районунун тургундары менен жолугушуу учурунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн "шаардыктарга" окшоп жалкоо болбоого чакырды.

"Ачыгын айтканда, биз жалкоо болуп баратабыз. Даяр нерсенин баарына көнүп алдык. Эч ким нан бышырбайт, бардыгы сырттан сатып ала башташты. Баарыбыз "шаардык" болуп баратабыз. Мен дагы уй саап, кой кайтарып айылда чоңойдум. Ошондуктан элде, айып жетекчилерде айып жок. Биз бардыгын уюштурушубуз керек, калкты мобилизациялашыбыз керек", - деген өз сөзүндө Марипов.

Ошондой эле премьер-министр жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн башка аймактарга чыгып, жумуштар кандай жүрүп жаткандыгы менен таанышып келүүсү керек экендигин билдирген.

"Президентке эмдөөдөн өтүүнүн кажети жок" дейт мамлекет башчынын басма сөз катчысы

Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Галина Байтерек президент Садыр Жапаровду эмдөө маселесине байланыштуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, лабораториялык кан анализдеринин изилдөөсүнө ылайык, Садыр Жапаровдо коронавирус инфекциясына каршы антителолор буга чейин бул илдетке кабылгандыктан жетиштүү көлөмдө табылган.

"Дарыгерлердин кеңеши боюнча учурда президентке эмдөөдөн өтүүнүн кажети жок. Эгерде убакыттын өтүшү менен антителолордун саны жоголсо же сезилерлик азайса, анда Садыр Жапаров коронавируска карата сөзсүз түрдө эмделет", - деди Галина Байтерек.

1-этапта эмдөө төмөнкүлөргө пландаштырылууда:

— инфекция коркунучу жогору жана өтө жогору, кызыл зонада, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда жана Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда иштеген медициналык кызматкерлер;

— тез жардам көрсөтүү кызматынын, оорунун же өлүмдүн оор түрлөрүнө чалдыгуу коркунучу жогору болгон интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнүн медициналык кызматкерлери;

— узак мөөнөттүү медициналык адистер жана кызматкерлер;

— билим берүү уюмдарынын, укук коргоо жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери.

Эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.






Ташиев Кыргыз-Өзбек чек ара маселесинин чечилиши боюнча маалымат берди

Автор: Жылдыз Джускембаева
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
26.03.2021. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чынында жалкоо болуп кеттик уйлардын баарын тоого айдар жиберип магазинден каропкадагы сутту ичип жатабыз. Бир эле мисал дагы толуп жатат санап корсок...
SUPER.KG видео
27.03.2021. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура чечилип жатат толук чечилгенден кийийн зым тоскула ошондо сен кирдин мен кирдим токтойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: