Жасалма интеллект жардам берет... Өлкөгө жаңы төрт УЗИ аппараты сатып алынды
Кыргызстанда онкологиялык диагностиканын мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, Улуттук онкология жана гематология борборуна жасалма интеллект технологиялары менен жабдылган Mindray Resona R9 үлгүсүндөгү премиум класстагы төрт ультра-үндүк изилдөө аппараты тапшырылды.
"Жаңы жабдуулар ар кандай органдарды жана системдерди диагностикалоонун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, онкологиялык бейтаптардын жүрөгүнүн абалын баалоо үчүн эхокардиографияны киргизүүгө, ошондой эле изилдөөлөрдү жүргүзүүдө бипландык технологияны колдонууга шарт түзөт",- деп жазылган маалыматта.
Жабдыктардын иштөө мүкүнчүлүктөрү эртең, 5-ноябрда текшерилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:22
2026-11-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















