"Балдарыбыздын оозун тыялыбы? Эт жебей калдык". Өлкөдөгү кымбатчылык (сурамжылоо)
Учурда өлкөдө негизги маселелердин бири азык-түлүктүн баасынын күн санап кымбаттап жатканы болууда. Баалар асман чапчып барат. Алыда элдин жашоосун эмнелер күтөт? Каатчылыкты кантип жеңүү керек? Бул жаатта адистердин пикирин, сунуштарын сурап көрдүк, ошондой эле алармандардан сурамжылоо да жүргүздүк.
"Ош базарында" соода-сатык жүргүзгөндөр "Балдарыбыздын оозун тыялыбы? Эт жебей калдык, ичеги жеп жашап калдык" дешсе, сатуучулар "Бизге күн сайын кымбат келип жатат, кардарлар азайып, бизге да кыйын болду" дешет.
Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысы Сагындык Маматоморов "менин да 4 балам бар, айлыгым меники да жетпей жатат" деди.
Толугу менен видеодон көрө аласыздар.
Азык-түлүккө болгон баа дагы көтөрүлүшү мүмкүнбү?
Автор: Медина Найманова
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Taalaibek.

29.03.2021. 19:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бийликтин элди жошутууга созу даяр. Бийликтегилер элдин айлыгын котормойунчо, созунор менен элди алдабагыла. Айлыкты которгуло! Ундун баасы 2000 сом болсо, айлыкты 20000 сом кылгыла.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.