Камчыбек Ташиев чыр жаратып жаткан Чечме булагына барды (сүрөт)

















Бүгүн, 30-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев
Бирлик айыл аймагынын административдик имаратында аталган айылдын жергиликтүү калкы менен Чечме тилкеси боюнча жолугушуу өткөрүп жатат.
Ал элдин өтүнүчү менен Чечме булагынын аймагына келгенин SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун кабарлады.
Айтымында, азыркы тапта Ташиев элдин пикирин угуп, алардын суроолоруна жооп берип жатат.
Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев менен биргеликте Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзө турганы маалымдалган.
Эскерте кетсек, буга чейин "Чечме булагын эки тарап чогуу колдонот деген чечимге эл нааразы" деген жарандык активист Каныбек Парманов SUPER.KG порталына пикирин билдирген.
Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды
