super.kg logo

"Тажикстандын аймагы Ташиев секирип өткөн Ак Үйдүн тосмосу эмес". Тажикстандын мурдагы министри Камчыбек Ташиевге кайрылды

 
Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ворух анклавы боюнча айткандарына карата өз пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Мурдагы министр Зарифи "Ворухтун аймагы - Тажикстандын түбөлүктүү аймагы" деп жазган. Төмөндө Зарифинин социалдык тармакка жарыялаган пикиринин толук котормосу.
"Ворухтун аймагы - Тажикстандын түбөлүктүү аймагы.
Жакында эле Тажикстан менен Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек араны делимитациялоо жөнүндө сүйлөшүүлөрүнүн биринчи раундунун жыйынтыктары тууралуу Кыргыз делегациясынын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин маалымат жыйыны тууралуу окуп калдым. Менин көз карашымда бул - болбогон сөз.
Камчыбек Ташиев деген ким өзү?
1993-1995-жылдары Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айыл чарба продукцияларын даярдоо боюнча өндүрүштүк фирманын директору;
1995-жылы өндүрүштүк-коммерциялык фирманын башкы директору;
1998-жылы Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын ишкердик жана инвестициялар департаментинин директору;
2000-2002-жылдары айыл чарба кооперативинин төрагасы жана башкалар.
2012-жылдын 3-октябрында "Кумтөр" кенин улутташтыруу боюнча митингде Ташиев Кыргыз өлкөсүнүн өкмөт үйүнүн тосмосун ашууга аракет кылган. Ташиевдин жана башка депутаттар баштаган митингчилер өкмөт үйүн басып алууга аракет кылышкан. Милиция баш аламандыктарды токтотуп, депутаттарды бийликти күч менен басып алууга айыпташкан. Кийинчерээк Жогорку Сот алар жаза мөөнөтүн СИЗОдо отурганда өтөп бүттү деп жарыялаган.
Анын өмүр баянына толук киришип отуруунун кажети жок, бул эпизоддордон улам баары түшүнүктүү.
Бул чала саясатчы сүйлөшүү процесстеринин эрежелерин, этиканы жана башка өлкөнүн делегациясына урмат-сый менен мамиле кылыш керек экендигин эске албай, өзүнүн Ак Үйгө болгон жортуулу сыяктуу тажрыйбаны башка эгемен өлкөгө колдонуп көрүүнү чечти. Тажик жерине какап-чакап калбагай эле. Мас достор биргеликте кезектеги мыйзамдуу шайланган президентти кууп салгандай, Тажикстандын аймагы Ташиев секирип өткөн Ак Үйдүн тосмосу эмес. Силер Кыргыз өлкөсүндө дээрлик ар жылы баш аламандык уюштуруп, аны революция деп атап, кезектеги президентти тактысынан алып, аны өлкө лидери катары эмес, коңшу айылдагы банданын жетекчиси катары кабыл аласыңар. Эгерде ал өлкөдөн качып кетүүгө үлгүрбөй калса түрмөгө отургузасыңар. Анан түнү бою уктабай, ал башка баш аламандыктарды уюштуруучулардын жардамы менен түрмөдөн чыгып, кайра өзүңөрдү абакка отургузушун күтөсүңөр.
Тажикстан - суверендүү өлкө, анын чек аралары кол тийгис. Биздин өлкөбүз туруктуу, эмгекти жана тынчтыкты сүйгөн элибиз, акыл-эстүү өкмөтүбүз жана өлкө башчыбыз бар. Биз бөтөн аймактарды талап кылбайбыз жана касиеттүү жерибиздин бир сантиметрин эч ким менен бөлүшпөйбүз.
Менимче, Тажикстандын делегациясы тең укуктуулуктун, урматтоонун жана коңшулаштыктын негизинде тиешелүү чечимдер кабыл алынмайынча, өз элин жана достук мамиледеги кыргыз элин тынчсыздандырбайт. Ворух бардык тарыхый документтерге, саясий жана географиялык карталарга ылайык, анклав болгон эмес. Учурдагы Баткен облусунун аймагынын бир бөлүгү де-юре Тажикстандын аймагы болгон. Совет мезгилинде көчмөндөргө жайлоого чыгууга уруксат берилген административдик бөлүнүш катары кабыл алынган. Кийинчерээк көчмөндөрдүн айрымдары тажик аймактарында отурукташып, тажик боордошторунун жанында тынчтыкта жашап калышкан.
Кеп кайсы бир жерлердин Тажикстанга кайтарылып берилишинде эмес, документтерде жазылгандарды иш жүзүндө таануу, тажиктердин аймагында мыйзамсыз түзүлгөн административдик бирдиктерди жоюу керек. Тажиктердин өз аймагын башка Тажикстандын аймагына алмаштырууну сунуштоонун кереги жок.
Ошондой эле башка тажик жерлеринин бөлүктөрүнүн ордуна тажиктерге өз жерлерин сунуштоонун кажети жок! Элибизде: "Куу, амалкөй ууру уйдун ээсин байлап койду" деген накыл кеп бар. Бул сүйлөшүү процессинин принциби эмес, бил принцип уурулардын коомунда гана иштейт.
Бул сүйлөшүү процесси социалдык тармактарда кеңири талкууланып, көпчүлүк адамдар Ташиевдин билдирүүсүн кемсинтүү жана өз ишин жакшы билбеген адамдын фантазиясы катары кабыл алышты. Менин оюмча, жыйынтык чыгарууга шашпоо керек. Биз кылымдар бою кыргыздар менен жанаша жашап, жеңиштердин кубанычын жана жеңилүү ызасын бир эмес, бир нече жолу белгиледик. Биз биргелешкен тарыхты, оор учурларда бири-бирибизге сунган колубузду унутпайбыз. Мындай терс көрүнүштөгү адамдар коңшуларда да, бизде да бар.
Кыргыз өлкөсүндө революциянын жана адилеттүүлүк үчүн күрөштүн атын жамынуу менен болуп жаткан окуялар бул бийликсиздиктин бир түрү. Жада калса кадимки турмушта эртең менен малын жайлоого айдаган акыл-эстүү адам кайра кечинде короосуна айдап келет. Кыргыз өлкөсүндө буга чейин бир нече президентти элдин атын жамынган баш аламандыкты уюштуруучулар кууп жиберишип, кайра өлкөгө киргизбей жатышат. Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбеков сыяктуу президенттер бийлик башында турганда, Ташиев сыяктуулар башын ийип турушкан. Азыр болсо мурдагы өлкө лидерлери элдин душмандарына айланышты. Эске келүүгө мезгил келген жокпу? Ташиев жана ага окшогондор өз кылгандары менен мамлекетти туңгуюкка кептешти.
Ошондой эле биздин мекендештерибизге дагы бир жолу эскертип койгум келет - татаал мезгилде улуттук, диний жана расалык көз караштарга карабастан, өкмөтүбүздүн жана мамлекет башчысынын айланасына биригишибиз керек. Эгерде кимдир-бирөө амбициясынан, ар кандай ынанымдарынан улам четте турууга аракет кылса, ал адам өз мүрзөсүн өзү казып, кылымдарга элдин каргышына калат.
Албетте, мен илимдин доктору, Тажикстан илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, дипломат, мыкты чекист, генерал-полковник Ятимовго (Саймумин Ятимов Тажикстан УКМКсынын төрагасы - ред.) өз ишин жакшы билбеген адам менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү кандай кыйын болуп жатканын түшүнүп турам.
Мен жогоруда айткан кептер менин жеке пикирим жана бул Тажик бийлигинин позициясын билдирбейт. Кээ бир орой айтылган сөздөр үчүн окурмандардан кечирим сурайм. Башкача стилде жазсам Ташиев мени түшүнбөй калмак."

кошулду





"Мен эмне кылдым?". Ташиев аны сындаган Тажикстандын мурдагы министрине жооп кайтарды

Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(28)
31.03.2021. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-31
Билимдүү адам экен
31.03.2021. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Границаларды жаап койсо Россияга жер жемиштерин каяктан алып отушот экен.
31.03.2021. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аиий бул канткени болду
31.03.2021. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Ташиев алгааа!!!
31.03.2021. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Бул киши жалагич окшойт
31.03.2021. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Равшан Ддумшуттар жөн эле тирилик кылгылачы.
31.03.2021. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул тажик тууганыбыз чабал өрдөк
31.03.2021. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Камчыбек Кыдыршаевич артка кайтаңыз! АЛГА!!

31.03.2021. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ташиев да оз элинин уулу.Сен ким элен?
31.03.2021. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ташиевтен аябай коркуп жатышкан го сыягы. Ташиев тажиктердин айтканына көнбөй койгон окшойт.Бул тажик мурдагы биздин эски президенттерибизге жан тартып өтүптүр. Анткени алар таджиктин айтканына макул болушуп, Имомалиге күйүүчү май өткөрүп берип,анын бизнесин жүргүзүп турушкан. Эми Имомали бизнесинин токтоп калышынан коркуп жатат. Өзү айта албай экстеринен айттырып жатат окшойт. Алга Ташиев!
orun түзөттү 2021-03-31 17:51:31
31.03.2021. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Күпүлдөп катуу кетиптир го бул тажик. Бирок кээ бир айткандары ачуу чындык.Президентке урмат кылуу жок бизде...
31.03.2021. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Камчыбек Кыдыршаевич ,тажиктердин айласын кетирип жатыптыр да ... Алга Камчыбек ава
31.03.2021. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Чегараны жапкыла эчтеме откорбой койгула коробуз анан кыргыз Ким экенин
31.03.2021. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Суроттордон эле билинип турбайбы кимиси оз ишин мыкты билген кесипкой адам экени.
01.04.2021. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
bond02,анда ошол тарапка көчүп кете бер
31.03.2021. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
А шорду тажигим, Камчыкенин куйругун боодо басып алдында, эми точна силер жака коп нерсе отпой калдыго
31.03.2021. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керек болсо тажиктерди кыргыздар байытып жатат, бүт тажиктин баары кыргыз паспортун сатып алышып Россияда иштеп жүрүшөт. Ошо паспортту саткандарды да камап же ошо тажикстанга айдап салыш керек саткындарды. Кыйын экенсин элини багып ал, анан сөз ташта башкаларга. Силерге караганда биз шүгүр элебиз.
31.03.2021. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
КЫТАЙГА БЕРДИНЕРГО ЖЕРДИ КЫТАЙГА БЕРГИЧЕ КЫРГЫЗСТАНГА БЕРГИЛЕ))
31.03.2021. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кытай силерди турласын. Кыйын мыкты болсон оз ишинде улантмаксын, эми тажик элине эр журок болуп корунойн дегенго хитрый пёс
31.03.2021. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акылдуулар кобойуп калганбы
01.04.2021. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Сабыр Сабыр туугандар. Убагында жери жок Кыргызстандын аймагында баш калкалап жүргөндөр эми минтип атканы кантип ачууңду келтирбей койсун ачууну ичиңе жутуп кана олтуруп бересиң
01.04.2021. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кыйын тажик экен биздеги тажиктерди самтыратпай олкосуно алып кетпейби,Кыргызстана келип алышып биз тажик эмеспиз кыргызпыз деп журушот го.
01.04.2021. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эми ычкырыңа асынып өл! Бирөө болбосо, бирөө ушинтип айтмак. Бийлик талашып, элдин, бала чакабыздын келечегин талкаладыңар! Эки айда результат кылып жиберем дедиңер эле, былк этпей отурасыңар...
01.04.2021. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бул тажик чекистери биринчи мектепти айрыкча географияны окуп уйронсун. Кореяны билбей....
01.04.2021. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ийгилик К.Ташиев чыныгы Мекенчил Лидер тажиктер оз денгелин билдирди
01.04.2021. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кой сен биздин Ташиевдин тырмагына арзыбайсын,кыйын экенсин талаада жургон элине жардам бер документ боюнча. Россиядагы тажиктер мамлекетин жамандап эле журушот,патент жасай алышпай арзан айлыка иштеп жургондору бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: