94 жаштагы академик Мамбет Мамакеев сыйлык алды. "Кудай мага нурун чачкандыктан, азыркы күнгө чейин операция жасайм" дейт ал
Улуттук хирургия борборунун ардактуу директору, Кыргыз өлкөсүнүн баатыры, академик Мамбет Мамакеев бүгүн, 2-апрелде президент Садыр Жапаровдун колунан 2-даражадагы "Манас" орденин алды. Мамлекеттик сыйлыктар ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн жарандарга ыйгарылганы маалымдалды.
Президент алардын эмгеги кандай гана заман, кандай гана бийлик болбосун, замандаштарга үлгү, келечек муун үчүн өрнөк болорун кошумчалады. Аталган сыйлыкка татыктуу болгон академик Мамбет Мамакеев кубанычтуу эмоцияларын SUPER.KG порталынын окурмандарына айтып берди.
"Мен 94 жаштамын. Бул кесипте иштегениме 69 жылдан ашты. Бул жылдар ичинде мурун Советтер Союзунун учурундагы сыйлык, ордендердин баарын алгам. Мага бир эле 2-даражадагы "Манас" ордени жетпей жаткан.
Мына ушул сыйлыкты бүгүн мага "Ала-Арча" резиденциясында президент Садыр Жапаров тапшырды. Ошону менен менде 1-2-3-даражадагы "Манас" ордендери толук болуп калды. Мен дайыма айтып жүрөм Кудай мага нурун чачса керек, ошондуктан ушул күнгө чейин күнүнө 5ке чейин операция жасайм", - деди Мамакеев.
Академик Мамбет Мамакеев "Гиннесстин рекорддор китебине" эң көп убакыт иштеген хирург катары катталган.
Анда 94 жаштагы Мамакеевдин хирург катары 67 жыл 181 күн иштегени айтылат.
Хирург Мамбет Мамакеев “Гиннесс рекорддор китебине” кирди

Мамбет Мамакеев Сизге чың ден соолук жана өмүр берсин . Кыргыз деген эң байыркы улуу Эл. Бар болуңуз!