Ошто аялдарга жумуш ордун түзүү боюнча сүйлөшүү жүрдү
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Бириккен улуттар уюмунун өкүлү Улзийсурен Жамсран айымды кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашты.Маалыматка ылайык, жолугушууда аялдардын укугун коргоо, билимин жогорулатуу, аялдарга жумуш ордун түзүү жана башка маселелер боюнча сүйлөшүү жүргөн.
“БУУ-Аялдар” уюму Ош облусунда аймактардагы аялдарды кыска убакыттын ичинде атайын кесипке окутуу (тигүүчү жана башка), аймактарда жашаган ишкер аялдарды колдоо жана бизнесин өнүктүрүү максатында “Ишкер аялды колдоо” аттуу жарманкелерди жана башка иш-чараларды уюштуруп келишет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















