Көчмөндөр оюндарынын ачылышын жаңы стадиондон кантип көрүүгө болот?
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттерди сатуу башталганын Президенттин иш башкармалыгы кабарлады.Маалымдалгандай, азем 31-августта "Бишкек аренада" өтөт. Билеттин баасы секторуна жана орунга жараша 5000 сомдон 9000 сомго чейин болот. Билеттерди ticket.gov.kg расмий сайтынан сатып алууга болот. Билетти башка адамга өткөрүп берүүгө жана кайра сатууга болбойт. Иш-чарага кирүү Face ID технологиясы аркылуу жүзөгө ашырылат. Ошондуктан билет анын ээсинин жеке маалыматтарына байланыштырылган.
Иш башкармалык "Бишкек аренага" жеке унаа менен барууга болбой турганын эскертет. Жетүү үчүн Бишкек шаарындагы атайын белгиленген 22 пункттан акысыз трансфер уюштурулат. Автобустар саат 13:00дөн 15:00гө чейин каттайт. Ачылыш аземи аяктагандан кийин келген автобус менен кайра кетүү керек болот.
Көчмөндөр оюндарынын ачылышын жаңы стадиондон кантип көрүүгө болот?
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















