super.kg logo

Кыз менен баланын жансыз денелери табылган жер эки күндөн кийин

 

Мындан 2 күн мурун ала качуудан каза болгон Айзада Канатбекова менен аны ала качып кеткендердин бири Замирбек Теңизбаевдин жансыз денелери табылган.

Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаанын бүгүнкү күндөгү көрүнүшү. Жеринен милиция кызматкерлери колдонгон кол кап жана унаанын айнегинин сыныктарын көрүүгө болот. Жеринде иш алып барган ИИМдин өкүлдөрү жана эксперттер адамдын канына боёлгон кол каптарды, бинттерди тазалап кетишпегени да көрүнүп турат.

Буга чейин SUPER.KG порталына Аламүдүн райондук соттук-медициналык эксперти Арслан Качкынов окуя болгон жерге барганда унаа бек болгонуна байланыштуу милиция кызматкерлери айнекти сындырып ачкандарын билдирген.

Арткы салондо табылган кыз менен баланын жансыз денелерине кароо жүргүзүп, кыздын муунтулган материалын эксперт чечкенин айтып берген.

Окуянын чоо-жайы:

27 жаштагы Айзада 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган.

Бишкек шаардык милиция кызды уурдоого шектүү алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген.

Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.

Алгачкы маалыматтарга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күч менен унаага салып кеткени тууралуу видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер реакция кылышкан эмес.

Буга байланыштуу Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өткөн.

Кечээ, 8-апрелде Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилди. Аны уурдоого шектелгендердин баардыгы кармалды.


кошулду





Айзаданы өлтүргөнгө шектелген адам тууралуу айыл өкмөт башчысы айтып берди

Автор: Айсалкын Качкынбекова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(10)
09.04.2021. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бардык кылмыштардын башында сабатсыздык жана билимсиздик турат. Өлгөндөрден салты тирүүлөрдүн жашоосун башкарбаш керек. Эски салтты колдоого алуу - бул сабатсыздыктын маданияты жана билимсиздиктин жашобузда топтолушу.
Салт жана диний негизде кыздарды кысымга, басымга алууну токтоткула жана муну мыйзам негизинде кылмыш катары кабыл алуу керек.
09.04.2021. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
zhazgul98,Өлгөндөрдүн салты деп сиз да бир аз сабатсыздык кылдыныз,бир күн келет сиз менен биз да ошолордун жанында болчу.
Бул улуу муундан калган каада салт болгон бирок мындай терс көрунуштө эмес ата энелерге урмат сый менен айбыгуу максатында кыз баланы зор дук зомбулуксуз женелердин коштоосунда качырып келишкен барчуу жерине,ал эми кийинки уланган муунда жанагы сиз айтып жаткан сабатсыздар азыркы тил менен айтканда мода салтка айлантышкан демек кыз баланын каалоосуз ишке ашырууну к
09.04.2021. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
zhazgul98,бул жерде диндин кандай тиешеси бар,керек болсо динде аял затын 2 эсе кадырын көтөргөн ,аны өзүбүз 2 эсе жерге киргизип төмөн түшүрүп атабыз.Ким 3 кыз чоңойтуп турмушка узатса Бейиш мн убадаланган.Динде аял затын ушуга окшогон суук көз ,назар жаман адамдан оолак болсун деп денеңерди жапкыла деген.А ,биз баарын ачып таштадык..Ушунун акыбетинен каракчылар көбөйүдө.
10.04.2021. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
zhazgul98,Ой кыз,сен биринчи сабатынды жойчу.Туура,кыздарга кысым жасабашы керек.Динде аялзатын кадырлоо тууралоо коптогон хадистер бар.Биринчи Куранды окучу,анан дин жонундо пикир жаз.
09.04.2021. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Жок дегенде кол каптарынарды мусурга таштап койбойсунарбы
09.04.2021. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Манкурттар. Шалаакылар. Мамлекететтин аламдары милиция менен сот экспертизасы барып терип кеткиле резинканарды
09.04.2021. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Оздорун асманда жургондой элестетпей,аркасын тазалаганды уйронбойбу.
09.04.2021. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Шалаакылыгы ушул жерден да байкалыптыр да. Ит да ит аягын тазлап коёт. Уялбай элди тартипке чакырасынар, өзүңөр элементарно мусорунарды тазалагандан билбейсинер
10.04.2021. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мусорлор мусоруну таштап кетишиптирго
SUPER.KG видео
12.04.2021. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай билетда ким кимди олтургонуну. Баарыбызга ыйман берсин. Олгондордун жайы жаннатта болсун аамин!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: