super.kg logo

"Талаада канга боёлгон абалда жатам". Бишкекте мас абалындагы кыз "мени уурдап кетти" деп милицияга жалган айткан

 

Бишкекте 20 жаштагы кыз мас абалында "уурдап кетишти, талаада канга боёлгон абалда жатам" деп жалган айткан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 19-апрель күнү болжол менен саат түнкү 02:45тер чамасында 102 кызматына Бишкектеги Үч-Терек көчөсүнөн 2001-жылы туулган кызды Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаасына салып Кара-Балта шаарына алып кетти деген маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барганда аталган факты тастыкталган эмес. Бирок алдын ала алынган маалыматтар боюнча 102 кызматына чалган кыз 19-апрелде саат 22:40тан 00:30 чамасына чейин алар Үч-Терек көчөсүндө жайгашкан балдар аянтчасында классташтары менен чогуу спирт ичимдигин ичишкендерин айтып берген.

Андан кийин классташ кыздары чогуу такси кызматын чакырышып, Ак-Өргө конушуна кетишкен. Жанындагы эки кыз үйүнө жетип, бир классташ кызы Кара-Балтага үйүнө кеткен. Болжол менен 40-50 мүнөттөн кийин классташы ага чалып талаада канга боёлгон абалда жаткандыгын айтып, андан кийин уюлдук телефону өчүп, байланышка чыкпаганын билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 170-беренеси "адам уурдоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кыз шаар аймагынан аман-эсен өзүнүн 1996-жылы туулган досу менен жүргөн жеринен табылган. Бардык жагдайларды текшерүү үчүн кыз Ленин РИИБине жеткирилген. Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө кыз уурдоо тууралуу мас абалында болгон үчүн айтып койгону жана досу менен чогуу жүргөнү аныкталган", - деп билдиришти Ленин райондук милициясынан.






Бишкекте мас абалындагы кыз "мени уурдап кетти" деп милицияга жалган айткан

Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: Ырыскелди Салбаров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
20.04.2021. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Камап койгула да жалган айтканы учун.
20.04.2021. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Наалат алыпсыңго кыз башың менен. Тарбияң менен жерге кир. Уядан эмнени көрсөң учканда ошону аласың. Уяңдагылар демек.....
20.04.2021. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыздарга табылбай эле калды.
20.04.2021. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башын мн кара жерге Кир,оюнчук беле сага милициялар
21.04.2021. 04:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушулардын айынан чыныгы жардамга муктаждар олуп калып жатат.серезно чпра колдонуш кк
21.04.2021. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балакет ичкир, оозу жаман, орсок уй саайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: