Вице-премьер: "Өздөрүн өрттөйбүз деген аялдардын насыясы жоюлбайт, мөөнөтү узартылышы мүмкүн"
Чүй облусундагы Пригородное айылынын айыл өкмөтүнүн имаратында өзүбүздү өрттөйбүз деген аялдардын насыясы жоюлбайт, мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Бул тууралуу вице-премьер, экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков брифингде билдирди.
Анын айтымында, аталган айыл өкмөттүн ичине кирип алган аялдардын көйгөйү ар түрдүү. Алардын маселелерин бир күндө же бир айда чече калуу мүмкүн эместигин, баары мыйзамдын негизинде жүрөрүн билдирди.
"Тилекке каршы, бул окуя болду, мен ал жакка өзүм барууга туура келди. Алар менен сүйлөшүүнү өзүм жүргүздүм. Биз кааласак дагы, каалабасак дагы бул мыйзам бузуу, басып алуу. Муниципалдык мекемени басып алгандар жазык кодексинин негизинде жазаланат. Мен билгенден беш жылдан жети жылга чейин камалышы мүмкүн. Сүйлөшүү учурунда алардын көйгөйү ар кандай экендиги аныкталды. Көбүнчө ал жерге менчик насыя алгандар жана андан сырткары тармактык маркетингден дагы жабыр тарткандар бар экен. Ал эми кээ бири банк жана микрофинансы компанияларына өз убагында насыя төлөбөгөндөн жабыркап жүрүшкөн. Аларга карата кылмыш иши козголгонун билесиздер. Бул иш менен мындан ары ички иштер органдары алектенмей болду.
Банк системасы боюнча Улуттук банк менен бирге аналитикалык иштерди жүргүзөбүз. Мүмкүнчүлүк болсо жардам көрсөтөбүз. Баарынын көйгөйүн бир маалда чечип коюу мүмкүн эмес. Келишимге кол койгондон кийин аны аткарууга милдеттүүбүз да. Анализ жүргүзүлгөндөн кийин эгер банк макул болсо насыялардын мөөнөтү узартылышы ыктымал. Кыргыз өлкөсүндө 25 банктын 23ү жеке менчик. Ошол себептен биз эч нерсе дей албайбыз. Ар бир учур боюнча маселени директорлор кеңеши карайт", - деп билдирди Кармышаков.
Окуянын чоо жайы:
Буга чейин 15-апрелде бир нече аял насыяларды жокко чыгарууну, дегеле Кыргыз өлкөсүндө насыяны жоюуну талап кылып нааразы болуп чыгышкан. Анда насыянын айынан үйлөрүнөн ажырап калуу кооптуулугуна кабылган 10дой аял айыл өкмөтүнүн имаратына кирип алып, бензин толтурулган бөтөлкөлөрү менен өздөрүн өрттөй турганын айтышкан болчу.
Окуя болгон жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү жана вице-премьер Улукбек Кармышаков барып, сүйлөшүү жүргүзгөн. Андан соң имараттын ичиндеги аялдардын эки-үчөө вице-премьер менен бирге премьер-министр менен жолугушканы маалым болгон.
Кийин бул факты Чүй ОИИББи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 208-берене "имараттарды жана курулуштарды өзү билип басып алуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Үстөк пайыз боюнча кимдерге жеңилдиктер берилет?




1 |