super.kg logo

Бишкекте Калашников автоматы менен пранк тарткан жаран кармалды

 
Борбор калаанын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери курал менен пранк тарткан жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин социалдык тармактарда Калашников автоматы менен ок чыгарган жарандын видеосу жарыяланган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Сухэ-Батор көчөсүндө Бишкек ШИИББинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери А. аттуу жигитке таандык "01KG TILEK" мамлекеттик номерлүү Инфинити автоунаасын көрүшкөн.
Унааны тинтүүгө алышканда анын ичинен Макаров үлгүсүндөгү тапанча 37 патрону менен алынган. Ал 1993-жылы туулган С.А. аттуу жаранга таандык болгон. Ал Бишкек ШИИББинен 3 жылга курал колдонууга уруксат алганы аныкталган.
Мындан тышкары С.А. аттуу жарандын жашаган жерине ыкчам изилдөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада уктоочу бөлмөсүнөн Калашников автоматы жана 120 даана патрону менен табылган. Алынган курал-жарак жана ок-дарылар үчүн керектүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгында жаранга укуктук баа берилет.
Териштирүүдө С.А. аттуу жаран Калашников автоматы Орусиядан сатып алынгандыгын, өзү блогер экендигин, курал менен ар кандай пранктарды тартып социалдык тармактарга жарыялап келгенин түшүндүргөн.
Учурда териштирүү иштери башталып ал эч жакка кетпөө милдеттенмеси менен камактан чыгарылган.





Депутат Икрамов: "Саламаттыкты сактоо министри анчалык асманда жүрбөсүн"

Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: Чыңгыз Калбердиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
28.04.2021. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Пранк деп атып өлүп кетпесенер болду.
28.04.2021. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мыйзамдуу алган болсо анын эмнеси текшерилет?
Мен дагы алсам жакшы болот эле. Бирок кесибим тууралуу убакыт болбойт атайын жерге барып атып келгенге.
28.04.2021. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Rifle_I,Курал менен дүкөндү тоноп пранк тарткан мыйзамдуубу?Бул турушунда бирөөнү атып салганга чейин барат.
28.04.2021. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mister-XXX, туура айтасыңар, бирөөнү өлтүрүп алып деле пранк дей турган болуп калышты. Кокмее эле болуп баратышат иши кылса.
28.04.2021. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Куралын колуна карматып кыргыз тажик чек арасына бир айга коюп коргуло да.
28.04.2021. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Блогерлерге налок толотуш керек казино ачыштын ордуна
28.04.2021. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Патрон эмес ок дары же жөн эле ок
29.04.2021. 05:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Срочно Баткенге границага жоноткуло
29.04.2021. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Автоматтын патрондору баары холостой экен, Боевой эмес.
basyz-kaman түзөттү 2021-04-29 09:43:39
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: