6-майда Ак Үйдүн алдында "Элдик штабданбыз" деген ыктярчылар Баткендеги Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан жабыр тарткан элге жардам иретинде акция өткөрүшкөн. Анда чыккан активисттер Жогорку Кеңештин жыйынына келе жаткан депутаттардын алдын тосуп, канча суммада жардам бере аларын сурап, каражат чогултушкан.
Акциянын жыйынтыгында, эл өкүлдөрүнөн 43 миң 561 сом каражат чогулуп, депутаттар арасында эң көп акча бергени 10 миң сом болсо, ал эми эң аз сумма 5 сом болгон.
Бирок бул акцияны колдогон топко караганда сындаган топ басымдуу болду. Акцияны сындагандардын айтымдарында, бул тилемчиликтин бир түрүнө кирет.
Бирок бул пикирге "Элдик штабданбыз" деген ыктыярчылардын башчысы
Каниет Жыргалбеков кошулбайт. Анын билдиргенине ылайык, бул акция эч кандай саясатты же башка максатты көздөбөйт.
"Бул жакта провокация жок! Бурмалаганга аракет кылган депутаттар болду. Элге болгон эл өкүлдөрүнүн мамилеси мындай болбош керек", - дейт Жыргалбеков.
Өлкөбүздөгү колунда бар, материалдык мүмкүнчүлүгү жетиштүү атуулдарды кызматка тартып, аларды башкаларга ар тараптуу жардам берүүгө үндөгөн фонддордун катарында "Элим барсыңбы?" фонду бар. Кайрымдуулук маданиятын туура жайылтуу маанилүү деген фонддун төрагасы Айдар Кубанычбеков ушундай кырдаалдарда хайп жасагандар да болот дейт.
Айтымында, топтолгон гуманитардык жардамдар 3 категорияда жабыр тарткан аймактарга жеткирилип жатат.
"Бизде мындай гуманитардык жардамга штаб ачып, аны жөнөткөн жокпуз. Аны ачык айтайын. Биз ар бир мекендештин аманатын жеткирүү үчүн ал жакта атайын комиссия түзүлгөн. Биз ZOOM аркылуу сүйлөштүк.
Азыркы учурда каражаттар келе элек. Келген соң 3 категория менен бөлүштүрүлөт. Биринчиси, курман болгондордун үй-бүлөсүнө, экинчиси, жабыркагандарга, үчүнчүсү, үй-жайы өрттөнүп кеткендерге берилет. Баарына акчалай жардам берилет. Комиссиянын чечими менен канча сомдон жардам көрсөтүлөрү аныкталат. Биздин өкүлүбүз барып, видеого тартып отчёт кылып беребиз".
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Орук башкармалыгынын башчысы Алтынбек Абдылаев ӨКМ алдындагы гуманитардык жардам штабы 7 облус, 2 шаарда ачылганын айтты.

"Ал жакта министрликтин дагы штабы, өздүк курамы түзүлгөн. Мамлекет, эл тарабынан Баткен жерине гуманитардык жардамдар толук жеткирилүүдө. Жалпысынан 7-майга карата 1289 тонна гуманитардык жардам Баткен элине жеткирилди. Анын ичинен 872 тоннасы жер-жерлерге жеткирилип берип жатат. Түзүлгөн штабдардын кампасында 216 тонна гуманитардык жардам сакталууда. Муктаждыктар болсо штабдан аныктап, кампада турган гуманитардык жардамдар дагы таратылат.
Учурда жабыркаган адамдарга даректүү жеткирилүүдө. Биздин жообо боюнча ӨКМнын биринчи кызматы гуманитардык жардамды жерине жеткирүү, ал эми жергиликтүү бөлүштүрүү жергиликтүү бийликтегилерге жүктөлгөн.
Министрлик тарабынын чек ара чырына байланыштуу 2 шаарда жана 7 облуста гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттары ачылган.
Жер-жерлерге топтолгон жер-жерлерде ыктыярдуу түрдө топтолгон гуманитардык жардамдардын алгач көлөмү аныкталат. Биздин жүк ташуучу унааларыбыз 10, 20 тонна жүк көтөрө алат. Спорт ордосунда чогулган жардамдарды биздин өздүк курам топтоп, Баткендеги штабга түз жөнөтөт.
Мамлекеттик деңгээлде түзүлгөн эки штаб бар. Анын бири ӨКМныкы, экинчиси өкмөт түзгөн штаб", - деди Абдылаев.
Өз алдынча түзүлө калган штабдарды эч бир орган көзөмөлдөбөйт. Расмий түрдө Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн астында 30-апрелден баштап 5-майга чейин «Баткенге жардам» республикалык кайрымдуулук штабы уюштурулуп, өз ишин алып барды. Штабдын ишине 300дөн ашык ыктыярчылар тараптан жарандык коомчулуктан жана бизнес-түзүм өкүлдөрүнөн Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кагылышуулардын натыйжасында жабыркаган мекендештерге жөнөтүү үчүн гуманитардык жардам кабыл алынып, Баткен облусунун тургундары үчүн 7 фура жана 2 унаа гуманитардык жардам жөнөтүлгөн.

2021-жылдын 5-майына карата Баткен облусунда региондордон жана республикалык штаб тарабынан жалпы 449 тоннадан ашуун күнүмдүк турмуш-тиричиликке керектелүүчү азык-түлүктөр жиберилген.
Баткен облусунун берген маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө бардык региондордон 1554 тоннадан ашуун ар кандай багыттагы гуманитардык жардамдар келип түшкөн. Облустук жана райондук комиссия тарабынан гуманитардык жардамдар жабыр тарткан айылдарга жеткирилүүдө.