Ырчы Султан Садыралиев дагы бир кыз, бир уулдуу болду







Белгилүү эстрада ырчысы Султан Садыралиев дагы бир кыз, бир уулдуу болду. Дегенибиз ал 1-июнда актёр жана вайнер Зияш Турдубековго жана анын жубайына өкүл ата болуп шайланды.
Шаарыбыздагы тойканалардын биринде өткөн кыз узатуу тоюна эки жаштын жакындары жана достору келишти.
"Өтө кубанычта болуп турам. Өкүл ата болуу - бул чоң жоопкерчилик. Зияш менен Нуржанатка бакыт каалайм. Жакшылыкты ашырган, жамандыкты жашырган жубайлардан болуусуна тилектешмин", - деп билдирди Садыралиев өз сөзүндө .
Айта кетсек, буга чейин Зияш Турдубеков сүйүктүүсүнүн колун сураган.
Актёр, каскадёр Зияш Турдубеков сүйүктүүсүнө баш кошту
Автор: Гулзада Абдырахманова
Оператор: Чыңгыз Калбердиев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.