Сайдулла Нышанов: "Өзүңдүн пикириңди айтып койсоң эле сатып кеткен болуп каласың"
Депутат Сайдулла Нышанов "Ата Мекен" партиясынан эмне үчүн чыгып кеткенин SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун алкагында билдирди.
"Көз караштар болот да. Мүмкүн меники туура болот, балким, жаңылып калам. Ар дайым партия лидеринин сөздөрүн колдоп жүрүү кыйын. Кээде өзүңдүн пикириңди айтып койсоң сатып кеткен болосуң, ал эми алардын пикирин колдосоң туура жолдо болосуң деген түшүнүк бар. Биз дагы тажрыйба алып, деңгээлибиз өзгөрүп, баарын түшүнүп баштадык да. Партияда көпчүлүк баары чечиш керек. Бул жерде андай сөз жок. Бир-эки адамдын сөзү менен бардык нерсе чечилет", - деди ал.
"3 айда бир эле жолу жумушка келген депутаттар бар" дейт Сайдулла Нышанов
Автор: Жылдыз Джускембаева, Ырыскелди Салбаров, Айсалкын Качкынбекова
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу, Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

