Төкмө акын Сапарбек Зулпуев: "Тандоо турунан өтпөй калганда көзүмө аябай жаш айланган"
Тамашалуу айтыштары менен элге аздыр-көптүр таанылып келе жаткан төкмө акын Сапарбек Зулпуев бул ирет биздин маек төрүбүздүн коногу болуп, төкмөлүк өнөрү, айтыш тууралуу ойлорун айтып берди.
"Ал кезде 30 жашта болчумун, жаш элем. Бир жолу тандоо турунан өтпөй калып көзүмдөн жаш чыгып кеткен. Албетте, өтпөй калсаң жаман болосуң. Адамда үмүт деген бар да. Үмүттөнүп келсең эле өтпөй калсаң элестет. "Байге үчүн эмес", "Кудайдын буйруганы да", "Кийинки айтыштарда байге алам" дегениң менен ичиңде жаман болосуң, кыйналасың", - дейт Зулпуев.
Ошондой эле Сапарбек Зулпуев жакында эле Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы драма театрына жумушка киргенин, Бишкекте алты айлык онлайн окууну аяктап, диплом алганын айтты.
Төкмө акын Сапарбек Зулпуев: "Айтышта акын кызды катуу тамашалап баш байгеден кур калгам"
Автор: Гулзада Абдырахманова
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
IOA

12.07.2021. 23:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Сапар
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.