super.kg logo

Тик-Ток жылдыздары: "Биз эч кимди жаман жолго үндөбөй элебиз"

 

Интернет айдыңында тамашалуу пародиялары менен айрыкча жаштар арасында популярдуу болуп жаткан таланттуу түгөйлөр Азим Алмазбеков менен Майрам Багышбекова бул ирет биздин маек төрүбүздө конок болуп, шаңдуу маанайда маек куруп беришти.

"Тик-ток жабылса деле каршы эмеспиз, Инстаграм бар да деген" интернет жылдыздары коомго терс таасир этпеген видеолорду тарта берсе боло тургандыгын айтышат.

"Биз башында бийлеп чыкканбыз. Кийин пародия аткарып видео тартып баштадык. Биз элди жаман жолго үндөбөй элебиз же болбосо жаман сөз айтпайбыз, болгону тамашаларыбыз менен көңүлүн көтөрүп жатабыз. Тик-Ток жабылса деле каршы эмеспиз, мейли жабыла берсин. Чынын айтканда, кээ бир видеолор мага деле жакпайт, болор-болбос нерселерди эле хайп дешип чыгарып жатышат, аны жаш балдар көрөт да. Коомго зыяны тийип жатса, жабылганына биз каршы болбойбуз", - дейт Азим Алмазбеков.

Ал эми Майрам Багышбекова видео тартып, бийлеп, ырдап жатканын кайын журту түшүнүп, колдой тургандыгын айтат.

"Мен ушул жагынан Кудайга шүгүр деп айтам. Себеби ар тараптан түшүнгөн кайын журтка туш болдум. Биз видео тартып жатканда кайненем же кайнатам кызыбызды карап туруп, тартып алгыла деп шарт түзүп беришет. Апам болсо ар кандай идеяларды айтып, Азим апамдын көйнөктөрүн кийип чыгат эмеспи, ал жагынан дагы муну кийсең, тигини кийсең деп турат", - дейт Майрам Багышбекова.








“Тик-ток жылдыздары: “Тик-Ток жабылса деле каршы эмеспиз”

Автор: Гулзада Абдырахманова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: