super.kg logo

"Айып пул төлөп мамлекетке пайда келтирип жатабыз". Эмил Токтошев жол эрежесин бузган видеосу боюнча үн катты

 

Интернет желесине вайнер, актёр Эмил Токтошевдин жол эрежесин бузгандагы видеосу тарады. Анда айдоочу каршы тилкеге чыкканын көрүүгө болот.

Талкууга алынып жаткан видео боюнча Эмил Токтошевге байланышканыбызда ырасында эле жол эрежесин бузгандыгын, буга эмне себеп болгонун порталыбызга түшүндүрүп берди.

"Жол эрежесин бузганымды моюнга алам. Окуя кечээ, 5-августта болду. Айып пул жазылды, бүгүн 2700 сом төлөп келдим. Мыйзамга баш ием.

Мен жол эрежесин атайын бузган жокмун, жүк ташуучу унаа кысып баштаганда унаам чийилип, урунуп калбасын деп качуу аракетин жасадым. Кайра өзүмдүн тилкеме түшүүгө болбой калды. Ошондо видеого тартып баштады. Жанымдагы инилерим видеого тартып жаткандарга нааразы болуп сөгүнгөн сөздөрдү айтышкан, аны мен айткандай болуп калыптыр. Унаамда видеокаттоо жок болгондуктан, өзүмдүн туура кылганымды далилдей албай калдым. Аз да болсо айып пул төлөп мамлекетке пайда келтирип жатабыз (күлүп).

Бул окуянын чоо-жайын билбей туруп видеого тартып, жайылтышты. Бирөөнүн абийирин ачкандарга кайрыларым, баарыбыз жолдо жүрүүчүлөрдөнбүз. Маңдайыбызга ар кандай деп жазылган, этият болгула, эртеңки күнү силер дагы ар кандай окуяларга кабылышыңар мүмкүн. Активист болгула, бирок окуянын чын-бышыгын билип алуу керек. Кудай сактасын, эч кимге жамандык каалабайм", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
06.08.2021. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кинодо деле жашоодо деле бул анык эле доопарас экен го)
06.08.2021. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен Еманы ушул машинасы менен жакында Черемушка кичи районунда жолдун ортосунда токтоп турганын кордум.Ошондо эле ойлогом эрежени уруп ойнобошун
06.08.2021. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ото эле көөп кеткен бул жолдо эч кимди тоготпой Ема бургерден акча таап.Бирок бир күн сынасын көп адамды сөгүп атасын дөөпөрөс
06.08.2021. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Накта дөөпараз экен го. Ушуда эле машина бар бекен. Курту кыймылдап атыптыр, таяк менен күүп күүп койгулачы кичине токтолсун. Ит минип калба чөжө короз.
06.08.2021. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шишин толуп жарыла турган болуп калды окшойт...Копкон Адам эле бирди корчу эле сен коптун чынында Ема тооба дебесен коросун бирди жестка
07.08.2021. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корбогондун коргону курусун байкуш.
Noon түзөттү 2021-08-07 12:57:24
08.08.2021. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ёма бир да жакшы коммент калтырбаптыр го тааныштарың..?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: