super.kg logo

"Көбүнчө үй-бүлө тууралуу сурашат". Өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандарды түйшөлткөн ойлор

 

Чүйдүн Жаңы-Жер айылында жайгашкан №19 абакта өмүр бою соттолгондор кармалат. Ошол эле өтө обочолонгон жерде бир канча кызматкер ары түйшүктүү ишти алып барат. Биз бул жолу аталган абактагы бир күндүк күндү сиздерге чагылдырып берүүнү туура көрдүк.

Жабык, тозулган имараттын сыртынан көргөн адамга кыймыл жоктой сезилет. Бирок анын ичинде 24 саат бою кызматкерлер нөөмөт менен иштеп, кылмышкерлерди көздөрүнүн карегиндей кайтарышат.

Табылды Ишенгулов 16 жылдан бери кылмышкерлерди кайтарат. Ал бул ишти ийне-жибине чейин билгендердин бири. Өмүр бою соттолгондор таарынчаак болуп, бир нерсени көңүлдөрүнө тез кабыл алышат дейт ал.

"Кызматта 2003-жылдан бери иштейм. Бул кесипти атамдын жолун жолдойм деп келип калгам. Жумуш эртең менен саат 08:30да башталат. Анан берилген тапшырма боюнча ишти баштайбыз. Аларга соттолуучуларды сейилдетүү, тамак берүү жана башка кызматтар кирет. Биздин жумуш негизинен көзгө көрүнбөйт. Бирок өтө жоопкерчиликтүү.

Өмүр бою соттолгондор өтө таарынчаак болуп, психологиялык жактан аябай алсыз болушат. Алар бир нерсени жүрөктөрүнө бат кабыл алып, реакциясы дагы бат болот. Ошондуктан бул жерде тамаша деген жок, болгону мыйзам менен гана иш алып барабыз", - дейт Ишенгулов.

Соттолуучуларга түшкү тамак берүү учуру.

№19 абактын психологу Зарина Мусакулова көпчүлүк өмүр бою эркинен ажыратылгандар үй-бүлө темасы менен кайрылышарын айтат: "Булардыкы көбүнчө үй-бүлө темасы менен кайрылат. Кээ биринин аялы же туугандары баш тартат. Көпчүлүгү жакындарын, балдарын сагынат. Жүрөк ооруй тургандары деле бар".

Бул абак жайдын жетекчиси Арстан Байсынов Кудайдын куттуу күнү бөлүм башчылары менен чогулуштарды кылат. Себеби абактагы ар бир кыймыл тыкыр көзөмөлгө алынып текшерилип турушу шарт.


кошулду





"Көбүнчө үй-бүлө тууралуу сурашат". Өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандарды түйшөлткөн ойлор

Автор: Айсалкын Качкынбекова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.08.2021. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тозулган эмес тосулган дечи ай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: