super.kg logo

Талибдер Ооганстандагы 20 жылдык согуштун аяктаганын жарыялашты

 

"Талибан" кыймылынын саясий кеңсесинин расмий өкүлү Мохаммад Наим Ооганстандагы согуштун аяктаганын жана өлкөдөгү башкаруу формасы жакынкы убакта ачык-айкын болорун билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Биз 20 жыл мурун өлкөбүздө башталган бул согушту токтоттук", - дейт Мохаммад Наим.

Ошондой эле оогандыктарга жана чет элдик дипломаттарга коопсуздук кепилдиктерин айтып өттү. Анын айтымында, талибдер бардык ооган лидерлери менен маектешүүгө даяр жана алардын коопсуздугуна кепилдик беришет.

Мындан тышкары маектешүү аркылуу коомчулуктун коркуу сезимин басууга жана башка мамлекеттер менен байланышты сактоого даяр экенин билдирген.

Эске салсак, жекшембиде "Талибан" кыймылы Ооганстандын борбору Кабул шаарын басып кирип, өлкөгө толугу менен көзөмөл орнотконун жар салган. Ал эми өлкө башчысы Ашраф Гани президенттик кызматынан баш тартып, Тажикстанга качып кеткени маалым болгон. Учурда талибдер бийликти тынчтык жолу менен тез арада өткөрүп алууну күтүп жатышканы айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
16.08.2021. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Согуш аяктаны менен талибтерин аялдарга жаш балдарга зомбулук корсоторуу чындык. Ар кандай диний эрежелерди шылтоо кылып аялдарды басмырлап, эркиндигин чектеп, тебелеп жаткандары согуштан да жаман. Талибтерин олко ичинде оз алдынча согушун уланта беришет.
16.08.2021. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ayzhan12,афгандыктар менен чоогу жатып турат окшойсун ээ
16.08.2021. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ayzhan12,Чачын коё берип жүрөт эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: