"Танк биатлону-2021": Көзгө жаш алдырган жеңиш! "Мыкты даярдыгыбызды көрсөтө алдык" дейт катышуучулар









22-августтан – 4-сентябрь аралыгында Орусияда өткөн "Танк биатлону" жана "Десанттык взвод" мелдештеринде Кыргыз өлкөсүнүн командасы 1-орунду ээледи.
14-сентябрда президент Садыр Жапаров аталган мелдештерде ийгилик жараткан аскер кызматкерлерин сыйлап, "аскерлердин бул жеңишин Токио Олимпиадасында жеңишке жеткен спортчулардын ийгилигине тете баалашыбыз керек" деген.
VII Эл аралык армия оюндарынын (АрМИ-2021) алкагында өткөн "Танк биатлону" жана "Десанттык взвод" мелдештери бул - аскердик спорт. АрМИ оюндары өзүнүн маңызы, спорттук негизи боюнча аскер кызматкерлеринин эл аралык олимпиадасы катары калыптанып калды. Оюндун алкагында кыргыз танкачылары 8 мамлекеттин командалары менен мелдешип 1-орунду алса, курсант-десантчылары 12 өлкөнүн командалары менен күч сынашып 1-орунду камсыздаган.
"Танк биатлону" менен "Десанттык взвод" сынактарынын катышуучуларына мелдештерде жеңиши үчүн акчалай сыйлык катары президенттин резервдик фондунан 1 миллион 880 миң сом бөлүндү. Кыргыз өлкөсүнүн курамасы "Танк биатлону" жана "Десанттык взвод" экинчи дивизионунун финалынын жеңүүчүсү катары кийинки жылы биринчи дивизион курамында катышуу укугун алды.
Учурдан пайдаланып Кой-Таштагы аскер бөлүгүнө барып, кыргыз намысын татыктуу коргогон жигиттер менен баарлашып кайттык. Толугу менен видеодон көрүңүз.
“Мекенибизди 24 саат бою коргоого даярбыз"




1 |