super.kg logo

УКМК: "Парламенттик шайлоо учурунда алдамчылык фактысы боюнча Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков кармалды"

 

2020-жылы өткөн парламенттик шайлоо учурунда алдамчылык кылуу фактысы боюнча Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, УКМК тарабынан 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алуу фактысы кайрадан аныкталган.

"Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү жана парламенттин экс-депутаты Руслан Чойбеков тарабынан депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

2021-жылдын 18-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жана алынган далилдердин натыйжасында, Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы акими, учурда Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков "өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык" беренеси боюнча алдамчылыкка катыштыгы бар деп шектелип УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
18.09.2021. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эртең эле үй камагына чыгарып саласыңар. Антип мактана бербегиле.
18.09.2021. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бая эле арканын ачылышында жүрөт эле го. Ошол жерден кармаштыбы
18.09.2021. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
MAKALAK,Арканын ачылышын өзү ачып койуп,шефтерге жакпай калганбы аа.
18.09.2021. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
ГКНБ - НКВД болуп калды. Аз калды Ташиевтин маңкасы агат. Ташиев өзү бийлик басаар адам болчу. Ташиев менен Акылбек Жапаровтун аферасы бүтпөй койду.
ayzhan12 түзөттү 2021-09-18 18:22:25
18.09.2021. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ayzhan12, Сенин сүйлөгөнүң ... үйлөгөнү!
18.09.2021. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жебегени жок негизи,кармаса жаман көрүп жатабыз.Кармап чыгарса деле,тизгинин тартып жатпайбы жок дегенде.Мыйзам бар экенин эскертип.
18.09.2021. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бийликтегилер элге кызылдай калпты шыпыртып жатышат.
19.09.2021. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пара бергенди дагы камаш керек 300 000$ кайдан тапты?.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: