super.kg logo

"Апасынын үйүндө устунга моюн орогуч менен асынган". Ошто асынган абалда табылган келиндин 3 баласы бар

 

Ош шаарында асынган абалда жансыз денеси табылган келиндин 3 баласы бар. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 19-октябрь күнү болжол менен саат 15:30 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына шаар тургунунан кабар келип түшкөн, анда Ош шаарынын Туран кичи шаарчасындагы үйлөрдүн биринен 30 жаштагы А.Н. аттуу келиндин жансыз денеси асылган абалда табылганын билдирген.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып кароо жүргүзгөн учурда маркум Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну экени такталып, өзүнүн апасынын үйүнүн кире беришиндеги устунга моюн орогучу менен асынган. Жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Бул ишке маркум эмне себептен баргандыгы иликтенип, такталууда.








Бишкек ЖЭБин көмүр менен казак компаниясы камсыздайт

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
20.10.2021. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азап жашоо өткөргөн келиндер көп болуп кетти. Анткени билимсиз, сабатсыз эркеке туш болушат. Өзгөчө турмушка чыкканда. Үйдүн да, эшиктин да жумушу аялдарга жүктөп коюшат. Кыскасы жашоонун ырахатын көрбөй, түйшүк, азап менен өтүп кетишет.
Кыз-келиндердин сабатсыздыгын жою к-к.
20.10.2021. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам бир келген жашоосунун ырахатын коруп жашаш керек. Кул сымал болуп отпош керек.
20.10.2021. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Келинди кулдай эле коруп калышты...
20.10.2021. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болжол менен мындай болушу мүмкүн, күйөөсүнөн балким кордук көрүп, төркүнүнө келген ата энеси эл эмне дейт деп кетиришке аракет кылган.анан эне атадан колдоо жок ызаланып үч баласына карабай муунуп өлгөн.Чындыгында кандай бир кудай билет.
20.10.2021. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туран мкр.болсо өзбөктөр болуш керек. Байкуш өзбөк келиндер кул эле да, кединди адам оордуна көрүшпөйт көпчүлүгү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: