Президенттин администрациясы Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыздоо казак компаниясына бериле тургандыгын тастыктады
"Электр станциялары” ачык акционердик компаниясы казакстандык Hampton Resources Limited ишканасы менен келишим түзүшү керек" делген министрлер кабинетинин жарыяланган тескемесине байланыштуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри болуп турганда экология боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова менен биргеликте Казакстандын Караганда облусунда иш сапары менен болушуп, ал жакта иштеп жаткан көмүр шахталары жана байытуучу комбинаттардын ишмердүүлүгү менен таанышкан.
Андан соң борбордук ЖЭБде "КО" маркасындагы 7 миң тонна көмүр концентратынын тажрыйба-өндүрүштүк күйгүзүүсү болуп, анын жыйынтыгы боюнча Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы энергетика жана экономика илимий изилдөө институту аталган көмүр концентратын күйгүзүүнүн натыйжалуулугу боюнча тийиштүү корутунду берген.
"КО" маркасындагы көмүр концентратынын тажрыйба-өндүрүштүк күйгүзүүсүнүн жыйынтыгы дагы анын экологиялык кырдаалга оң таасир тийгизгенин көрсөттү. Муну менен төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөр пайда болот:
- электр жарыгын иштеп чыгууну жылына 1,2 миллиард киловаттан 6 миллиард киловаттка чейин көбөйтүү;
- электр жарыгынын өздүк наркын 1 киловатт/саатына 3 сом 93 тыйындан 1 сом 75 тыйынга чейин жана жылуулукка 1 гигакалория жылуулук үчүн 900-945 сомго чейин төмөндөтүү;
- Бишкек ЖЭБиндеги 4 миллиард 5 миллион сом өлчөмүндөгү жылдык чыгымдарды жокко чыгаруу жана жылына 1 миллиард 1 миллион сомдон кем эмес киреше алуусун камсыздоо. Мындан сырткары станцияны өзүн-өзү актоого жана өзүн өзү каржылоого чыгарууга мүмкүн болот;
- Бишкек шаарынын ЖЭБинин агрегаттарын жогорку натыйжалуу жабдууларга жаңыртууга инвесторлорду тартуу;
- ыш (смог) көйгөйүн чечүүгө көмөктөшөт, бул экологияга оң таасир этет. Экономикалык натыйжа тууралуу мисал катары, долбоордук эмес көмүрдүн көрсөткүчтөрү менен салыштырма анализден, отунду даярдоо тилкелеринде билдердин (көмүрдүн майда элементи) аз чыгымдалышынан, тегирмен, керней жана күлшлакты тазалоонун эсебинен үнөмдөө камсыздалат. Муну менен каражаттын көп эсе үнөмдөлүшү камсыздалат", - деп жазылган маалыматта.
Буга чейин Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыздоону казак компаниясына бергени жатышкандыгын депутат айтып чыккан.
Бишкек ЖЭБин көмүр менен казак компаниясы камсыздайт



1 |