Алгач апасы көргөн. Жети-Өгүздө 12 жашар бала "грушаны" ургулап ойноп жатып, жибине асылып каза болду
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 12 жашар бала бокско ылайыкталган "грушаны" ургулап ойноп жатып, жибине асылып каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, окуя 20-октябрда Кабак айылында болгон.
Анда 12 жаштагы бала сарайда колго жасалган бокско ылайыкталган "грушаны" ургулап ойноп жатып, кокустан анын жибине моюну менен асылып калган.
"Баланы алгач апасы көрүп калган. Милиция кызматкерлерине бул окуя кабарланып, текшерүү иштеринде бул кокустан болгон окуя экенин, ал эми баланын киши колдуу болгонун көрсөткөн белгилер байкалган эместиги айтылган", - деп билдирет басма сөз кызматы.
кошулду
Эми мэр, акимдерди президент дайындайт
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.