super.kg logo

Өзүн кыргыздын деми атаган Гүлзат Мамытбек алдамчылык фактысына шектелип кармалды

 

Өзүн кыргыздын деми атаган Гүлзат Мамытбек алдамчылык фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББине 7 жаран арыз менен кайрылган. Арызда Гүлзат Мамытбек алардын ишенимине кирүү аркылуу ар кимисинен ар кандай суммадага акча алганы жазылган. Жалпы зыян 110 миң долларды түзгөн. Андан соң шектүү из жашырып кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Гүлзат Мамытбек 2020-жылдын февраль айында Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткен.

Ал эми 8-июнь күнү ага алдамчылык фактысына шектелип жатканы боюнча билдирүү жөнөтүлгөн. Ал эми 13-июнда Биринчи Май райондук соту аны 2 айга сырттан камакка алган. 8-августта ага издөө салынган.

25-октябрда Гүлзат Мамытбек Кыргыз өлкөсүнө келгенде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.






ИИМ Камчыбек Ташиевдин Сузактын тургунуна үй бергенин текшерет

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(13)
26.10.2021. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кечээ эле карыздарымы толоп журом деп жатпады беле Турцияда
26.10.2021. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Долларбы кээ бир сайттар 110 000 сом деп жүрүшөт го
26.10.2021. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Asmat84,доллар, алкымы аттыкындай мунун! Аз жерден куйоосунун уйун сатып жибере жаздады го. Шапар тээп эле журбосо кыйраткан деле иш кылбайт
Datka7777 түзөттү 2021-10-26 11:12:58
26.10.2021. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Datka7777,даа доллар болсо анда оңой акча эмес
26.10.2021. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Тазза уктаткыч турбайбы мунунар, кыргызга дем берет имиш дагы.
26.10.2021. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Негр эрине связга чыксын,же болбосо өкүл атасы Салымбековго барсын акча берет)
26.10.2021. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул жеткен кидайщикта. Акшга виза жасап берем деп эң азы 3500$ дан алып уктаткан адамдарды!
26.10.2021. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ии каап
26.10.2021. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайран эргул!
26.10.2021. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Дух берем кыргызга деп жүрүп уктатып кеткен экенда
26.10.2021. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ойгонгула кыргызым-деп кайра уктатып кетиптир да...
26.10.2021. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тургузам деп элдин баарын уктаткан турбайбы кургур дем бергич
27.10.2021. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо,аял башы менен алдамчылык кылганын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: