super.kg logo

Мен көргөн бир күн: "Тартип бузгандар деп алып келсек, адам өлтүрүп издөөдө жүргөн жарандар болуп чыккан"

 

SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат.

Бул жолу бизге өзүнүн кызыктуу баянын Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин №6 шаардык милиция бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын аймактык тескөөчүсү, ага лейтенант Төлөбек Исаев айтып берет.

Каарманым 1989-жылы 26-мартта Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Семиз-Бел айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин 2012-жылы аяктаган. Ошол эле жылы Бишкек шаарынын кайгуул күзөт кызматынын кенже сержанты болуп иштей баштаган.

"2015-жылы Бишкек шаарында суткалык жана сааттык мейманканалар көп берилип, жашоочуларга тынчтык бербей көп көйгөйлөр жаралган. Ошол маалда бизде да көп маселелер бар эле. Түнкү саат 02:00-03:00 чамасында жашоочулар мага чалып "батирлердин биринде түнү менен тынчтык бербей жатышат" деп чакырып калышты. Түн ичинде айтылган дарекке барып батирди текшерсек, эшигин ачышпайт.

Эки-үч саат асылып жатып араң дегенде ачтырып текшерген маалда батирде үч бала жана бир кыз бар экен. Аларды милиция бөлүмүнө алып келип, бармак издерин алганда Баткен облусунда адам өлтүрүү фактысы менен шектелип издөөдө жүргөн жарандар болуп чыккан. Ыкчам кызматкерлер менен биргеликте изин суутпай кылмыштын бетин ачканбыз", - деп эстеди ал.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: