super.kg logo

Каза болгондордун саны 10го жетти. Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан 7 жаштагы кыз дагы каза болду

 

Бишкек-Ош жолундагы 8 адамдын өмүрүн алган кырсыктан жабыркаган дагы бир 2014-жылы туулган кыз каза болду. Бул тууралуу Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын директору Шаят Абдурахманов билдирди.

"Ал кыз 21-ноябрь күнү каза болду. Абалы оор болуп, комада жаткан. Азыр ооруканада дагы эки бала жатат. Алар 7 жана 9 жашта", - деди Абдурахманов.

16-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунда КамАЗ менен Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 7 адам каза болгон.

SUPER.KG порталына Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Алтынбек Тенгизбаев кырсыктын чоо-жайын айтып берген. Анда алдын ала маалыматтарга караганда, жүргүнчү ташыган Спринтер унаасы жол эрежесин одоно бузуп, карама-каршы тилкеге чыгып айдагандан улам жол кырсыгы келип чыкканы айтылган. Кырсыктан каза болгондордун арасында кош бойлуу келин бар болгону, аты-жөнү такталбай жатканын ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришкен.

17-ноябрда ооруканада 15 жаштагы кыз каза болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкен.

Кечээ, 23-ноябрда 25 жаштагы бала да каза болгону маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.11.2021. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайсы багыт боюнча каттаган спринтер толук маалымат бергилечи
25.11.2021. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MAKALAK,340 Жаны-Алай-Ош
24.11.2021. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Канча адамды жеп тынды, шашып ашам деп жатып,ушул аварияда биздин жездебиз олду,шафер куноосун сезип жатты бекен.Башка шаферлор да сабак алса экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: