super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев мандат албай калды. Депутаттык тизмеге кирген Токтобүбү Оргалча ким?

 

Кечээ, 15-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жарыялады. Анда БШКнын партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30 пайыздык гендердик квота тууралуу жобого өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, үч мандат алган партиядан 1, жети мандат алган партиядан 3 аял депутат келери айтылган. Мындан улам жети мандат алган "Альянс" партиясынан талапкер Жанар Акаевдин ордуна аял талапкер Токтобүбү Оргалчанын мандат алары кабарланган.

SUPER.KG порталы айрым шайлоочулар арасында кызыгууну туудурган Токтобүбү Оргалча айымдын өмүр-таржымалына кызыгып көрдү.

Оргалча Токтобүбү 1972-жылы 10-сентябрда Кытай Эл Республикасындагы Кызыл-Суу-Кыргыз автономдуу облусунда төрөлгөн. Кытайдагы этникалык кыргыздардын бири. Орто мектепти аяктаган соң 1990-1995-жылдары Пекин шаарындагы Синьцзян медициналык университетинде кардиология багыты боюнча билим алган.

1997-2000-жылдары Пекин медициналык университетинде аспирантурада окуган.

Жогорку окуу жайын бүтүргөндөн кийин 15 жылдан ашык (2012-жылга чейин) Синьцзян шаарындагы 8 миң адам иштеген №1 ооруканада эмгектенген.

Ал эми 2012-2015-жылдар аралыгында Гуанчжоу шаарында жеке ишкерлик менен алектенген.

2015-жылы жолдошу менен Кыргыз өлкөсүнө келип "Шыдыр Жол KG" жана "Мега Компани" компанияларын негиздеген. "Шыдыр Жол KG" Бишкек шаарында коомдук транспорт менен камсыз кылуу иштерин жүргүзүп келет.

Мындан тышкары ал "Томас KG" жана "Диализ" медициналык борборунун ээси.

Үй-бүлөлүү. 1 кызы жана 1 уулу бар.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутат боло тургандардын тизмесин окуу үчүн бул жерди басыңыз.


кошулду





Жанар Акаевдин ордуна депутат боло турган айым ким?

Автор: Нуркыз Курманбек кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: