super.kg logo

"Жансыз денелери тоңуп калган". Ат-Башыда унаанын ичинде каза болгон жубайлардын беш баласы калды, кичүүсү 2 жашта

 

Буга чейин кабарланган Нарын облусунда унаадан жансыз денелери табылган аялы менен күйөөсүнүн окуясы боюнча облустук милиция төмөнкүлөрдү билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 20-декабрь күнү Ат-Башы РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында гараждын ичинен Honda Odyssey унаасынын ичинен 1983-жылы туулган Д.С. жана 1982-жылы туулган М.Г. аттуу жарандар белгисиз себептерден каза болуп калгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Аталган билдирүү Ат-Башы РИИБи тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда төмөнкүлөр аныкталган.

"Окуя Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында болгон. Маркумдар аялы, күйөөсү. Алгачкы кароо жүргүзүлүп, жансыз денелер сууктан улам тоңуп калгандыгы, бирок эч кандай күч колдонуп өлтүрүлгөн белгилер байкалган эмес. Аталган факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала иликтөөлөргө ылайык, унаанын газына ууланып каза болгондору болжолдонуп жатат. Кошумча маалымат болсо билдиребиз", - деп жазылат маалыматта.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, жубайлар ошол күнү конокко кетишкен. Андан башка маалыматтарды билбей тургандыктарын айтышты. Алардын балдарынын улуусу 9-класста окуса, кичүүсү 2 жашта.


кошулду





Камчыбек Ташиев кызматынан кеттиби?

Автор: Нуркыз Курманбек кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
21.12.2021. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эхх, өлгөндүн өзү шору, бирок балдарына жалко!!!
21.12.2021. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
О аллахым суроо жообун женил кылгын
21.12.2021. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эч качан машинаны гараждын ичинде жүргүзүп отурбагыла,угарный газ чыгат,уктабай отуруп деле өлгөнунду билбей каласың!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: