Казакстанда кармалган музыкант Викрам Рузахунов бошотулганын ТИМ тастыктады
Казакстанда баш аламандыкка тиешеси бар деп кармалган кыргыз музыканты Викрам Рузахунов бошотулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы башкы консулу Назарали Ариповдун катышуусундагы белгиленген процедуралардан өткөрүлгөндөн кийин коё берилген.
Тышкы иштер министрлигинин Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жарандары үчүн ыкчам байланыш телефондору.
Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришти. Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча пикирлерин айтышкан.
Ноокатта дарыядагы суунун сүттөй аппак болуп агып жатканын комиссия иликтейт
Автор: Кенжебай Сатканалиев
Оператор: Нурбай Самарбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:41
2025-08-11

18:31
2025-08-11

Рейтинг:
4

Эми аман эсен келип ал ак жол Викрам жэрдешиме