super.kg logo

Бишкекте коомдук транспорттор штаттык режимде иштеп жатат

 

Бишкекте коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда шаардык мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, бүгүн эртең менен "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын 122 троллейбусу, "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын 573 автобусу, "Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын 297 кичи автобусу, "Эко жүргүнчүлөр жеткизүү" ЖЧКсынан 122 жеке автобус жана "Аламүдүн автотранс" муниципалдык ишканасынан 4 автобус каттамга чыкты.

Ошондой эле шаар аймагында 615 кичи автобус дагы иш алып барууда.

Муниципалдык коомдук транспорттун иштөө графиги аба ырайынын шарттарына карабастан өзгөрүүсүз калат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: