super.kg logo

Эмгек министрлиги эмгек рыногунда жаштарды иш менен камсыз кылуунун жаңы чарасын киргизүүдө

 
Эмгек министрлиги эмгек рыногунда жаштарды иш менен камсыз кылуунун жаңы чарасын киргизүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова кесиптик лицейлерде жана колледждерде окуган окуучулар арасында WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин Улуттук чемпионатынын ачылышында билдирди.
"Кыргызстанда калктын 2,4 миллионун 14 жаштан 35 жашка чейинки жаштар түзөт. Министрлик тарабынан кесиптик багыт берүү, кесиптик билим берүү, жаштарды ишке орноштуруу чөйрөсүндө максаттуу иштер жүргүзүлүүдө. Алсак, эмгек министрлиги аркылуу 2024-жылдын 1-январына карата 8 миң 989 адам эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге окутулган, 62 пайызы ишке орношкон. Мындан тышкары, 125 адистиктер боюнча окууга болот. Иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү астында 2023-жылы 16 миң 703 жумушсуз жаран, анын ичинен 1764 жаштар ишке орноштурулган.
Эмгек рыногунда кесиптик лицейлердин, колледж, жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү иш тажрыйбасы жок болгондугуна байланыштуу министрлик үстүбүздөгү жылы 35 жашка чейинки 3 миң жаштар үчүн "жаштар стажировкаларын" уюштурууну пландоодо. Жаштар жеке менчигине карабастан ишканаларда стажировкадан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Өлкө боюнча жаштарга кесип тандоодо жардам берүү үчүн кесиптик багыт берүүчү 9 борбор ачылды", - деди ал.
Ага ылайык, улуттук жумушчу кесиптер чемпиондугу үч адистик боюнча өткөрүлөт: ширетүү технологиясы, ашпозчулук жана мода технологиясы. Чемпионаттын республикалык турунун жыйынтыгы менен аныкталган өлкөнүн мыкты студенттери өз жөндөмдөрүн көрсөтүшөт жана Франциядагы эл аралык чемпионатта өлкөнүн атынан чыгуу укугу үчүн ат салышат.
Ачылыш аземине билим жана илим министри Догдургүл Кендирбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Жогорку Кеңештин депутататтары, Соода-өнөр жай палатасынын, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: