super.kg logo

Төрага Шакиев кыргыз армиясы күчтүү 100 мамлекеттин катарына киргенин айтты

 
Кыргыз армиясы аскердик кубаттуулугу жагынан 100 күчтүү мамлекеттин катарына кирди. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев мекенди коргоочуларды майрамы менен куттуктап жатып билдирди.
Анын айтымында акыркы жылдары коопсуздук тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздоого багытталган чаралар күчөтүлгөн.
"Тагыраагы, жаңы аскердик техникалар, учкучсуз "Байрактар", "Аксүнгүр", "Акынжы" аппараттары, зооттолгон автоунаалар, абадан коргонуучу ракеталар, тик учактар, курал-жарак сатып алынды.
Чек аралар бекемделип, чек арачылардын айлыгы 17 миң сомдон 80 миң сомго чейин көтөрүлдү. Натыйжада Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн рейтинги 7 позицияга алдыга жылып, күчтүү 100 мамлекеттин катарына кирди.
Бул, албетте, чек эмес, мекенди коргоого багытталган бардык реформаларды колдоп, Жогорку Кеңеште керектүү мыйзамдарды кабыл алууну улантабыз. Мекенибиз бир, аны коргоо ар бирибиздин милдетибиз. Башкысы, элибизде ынтымак, жергебизде тынчтык болсун!", - деди Шакиев.





Жогорку Кеңеш 22.02.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: