super.kg logo

Баткенде мыйзамсыз курулган 30 объект буздурулду

 

Баткендин Кызыл-Кыя шаары жана Үч-Коргон айыл өкмөтүндө мыйзамсыз курулган 30 объект буздурулду. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен аймактар аралык бөлүмү тарабынан мыйзамсыз курулуштарга текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында Кызыл-Кыя шаарында 3, Үч-Коргон айыл аймагында 27 мыйзамсыз курулган объект аныкталып, андан тышкары 53 объектиге эскертүү берилген.

"Аталган фактылар боюнча жалпы 18 материал Кадамжай РИИБине өткөрүлүп берилди. Мыйзамсыз курулган курулуштардын ичинен жалпы 30 объект буздурулуп, учурда кайра калыбына келтирилди", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министрлик январь айында өлкө боюнча 31 текшерүү жүрүп, мыйзамсыз курулган жайларга жалпы 486 миң сом айып салынганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: