Нарында күн жана шамал электр станциялары курулат




Энергетика министрилиги кытайлык "NBTC Limited" компаниясы менен кызматташат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, министр Таалайбек Ибраев Бишкекте аталган компаниянын директору Цай Чжифан менен жолугушкан. Анда тараптар электр энергиясы жаатында кызматташууну сүйлөшүп, Нарындагы Семиз-Бел жана Кызарт аймактарында күн жана шамал электр станцияларын курууну макулдашты.
“Жолугушуунун алкагында шамал жана күн электр станцияларын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Анын максаты Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунун Кызарт жана Семиз-Бел участокторунда шамал жана күн электр станцияларын куруу болуп саналат”, - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.