Жогорку соттун төрагасы Базарбеков орусиялык кесиптеши көз жумганына байланыштуу көңүл айтты
Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Орусиянын Жогорку сотунун төрагасы Вячеслав Лебедевдин туугандарына жана жакындарына, ошондой эле жалпы сот тутумуна терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Вячеслав Лебедев кечээ, 23-февралда 81 жаш курагында Москвада көз жумган.
"Орусиянын Жогорку сотунун төрагасы Вячеслав Лебедевдин дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Вячеслав Михайлович мен үчүн кесиптеш гана эмес, эң жогорку кесиптик деңгээлге, жогорку моралдык жана этикалык принциптерге ээ болгон адам болгон. Ал орус укугун реформалоого болгон күч аракетин жумшап, ошондой эле биздин сот системаларыбыздын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана өз ара аракеттешүүнү кеңейтүүгө өз салымын кошту.
Кыргызстандын судьяларынын жана жеке өзүмдүн атымдан туугандарына жана жакындарына, ошондой эле Орусиянын сот системасынын кызматкерлерине терең кайгыруу менен көңүл айтам", - деп айтылат Базарбековдун катында.
